Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:47

Быйылкы 11 айда жол кырсыгынан 780 адам каза болду


Ош - Кара-Суу жолундагы сегиз адамдын өмүрүн алган кырсык. 16-ноябрь, 2021-жыл.
Ош - Кара-Суу жолундагы сегиз адамдын өмүрүн алган кырсык. 16-ноябрь, 2021-жыл.

2021-жылдын 11 айында жол кырсыгынан 780 адам каза болуп, 10 миңден ашуун адам түрдүү жараат алды. Балдар аралашкан жол кырсыктарынын саны 43% өскөн.

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-декабрда өкмөттүн жыл жыйынтыгына арналган жыйынында билдирди.

Мамлекет башчы "Коопсуз шаар" көзөмөл камералары орнотулган жерлерде жол эрежесин бузуу 30-40% азайганын белгилеп, аталган долбоордун 2-баскычын ишке ашырып, "Коопсуз шаарды" жалпы өлкөдө ишке киргизүүнү талап кылды. Мындан тышкары сабатсыз айдоочуларды даярдап жаткан автомектептердин ишине көзөмөл кылууну тапшырды.

"Айдоочулар күбөлүктөрдү сатып алат, автомектептер коррупцияга баткан. Лицензия берилгени менен көпчүлүк мектептердин окутканы талапка жооп бербейт, автодром, тийиштүү автоунаалары жок. Жол кырсыгынын жоопкерчилиги бардык мамлекеттик органдардын милдети, жалпы элдик күрөш болушу керек. Ата-энелер да балдарына күн сайын айтып, кулагына куюуга тийиш. Жол эрежесин сактоо өлкөнүн коопсуздугу үчүн зарыл. Бул маселени өзүм катуу көзөмөлүмө алдым", - деди президент Садыр Жапаров.

Кыргызстандагы жол кырсыктары арбын катталып жатканы буга чейин да айтылып келген. Айрым учурларда бүтүндөй бир үй-бүлө мүчөлөрү көз жумганы кабарланган. 16-ноябрда Кара-Суу районундагы аварияда сегиз адамдын өмүрү кыйылып, 14 киши жараат алган. Октябрда бир күндө Таластагы жол кырсыгынан тогуз киши набыт болгон.

Иликтөөлөр Кыргызстанда жол кырсыгынан күн сайын кеминде үч киши каза болорун көрсөткөн.(ZKo)

Жоюлбай жаткан жол кырсыгы
please wait

No media source currently available

0:00 0:34:53 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG