Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:43

Жаңы жылдык эс алуу тогуз күн болот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жаңы жыл майрамын улай кыргызстандыктар тогуз күн эс алат. Мындай чечимди Министрлер кабинети 24-декабрдагы отурумунда кабыл алды. Ага ылайык, жумасына беш күн иштеген жарандарга 2022-жылдын 1-9-январь күндөрүнө чейин дем алыш.

Дем алыш күндөрү кийинки ишемби күндөрдүн эсебинен узартылды. Тагыраагы, 2022-жылдын 15-январындагы (ишемби) дем алыш күнү - 4-январга, 26-февралдагы дем алыш 5-январга, 26-марттагы дем алыш күнү 6-январдагы иш күнүнө жылдырылды.

Өкмөттүн сайтында жазылгандай, жыйында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 1-9-май күндөрүн да дем алыш деп жарыялоону сунуштады. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров май майрамдарын жылдыруу чечими жаңы жылдын алгачкы үч ай ичинде кабыл алынарын билдирди.

Майрам кундөрдүн санын азайтуу максатында 23-февраль, 7-апрель, 7-8-ноябрь күндөрүнүн макамын карап чыгуу маселеси көтөрүлүп, тиешелүү мыйзам долбоорун коомдук талкууга коюу сунушталды.

Кыргызстанда январь айынын бири - Жаңы жыл, жетиси - Иса пайгамбардын туулган күнү катары кызыл менен белгиленген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG