Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:18

Тажикстан кыргыз тарапты "чагымчылдыкка" айыптады


Баткен районундагы Көк-Таш айылы.
Баткен районундагы Көк-Таш айылы.

24-декабрда Тажикстандын Чек ара күчтөрү кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуялар боюнча билдирүү таратып, анда кыргыз тарапты "чагымчылдыкка" айыптады.

"Соңку мезгилде Кыргызстандын чек арачыларынын жана жарандарынын чек ара тилкесинде кырдаалды курчутуп жаткан чагымчыл аракеттери көбөйдү", - деп айтылат "Ховар" маалымат агенттиги тараткан маалыматта.

Тажик тараптын жүйөсүнө ылайык, 22-декабрда түш оой Лахш (Жерге-Тал) районунун Чашма пунктунда Кыргызстандын номери тагылган "Опель" автоунаасы Тажикстандын чек арасын бузганы үчүн кармалган. Унаада Кыргызстандын төрт куралдуу чек арачысы болгон жана алар кайра кыргыз тарапка өткөрүлүп берилген.

Тажикстандын расмий маалыматында айтылгандай, ошол эле күнү Согд облусунун Хистерварз пунктунда кыргыз жаранына таандык КамАЗ унаасы чек араны бузуп кирген. Тажик чек арачылары унааны токтотуу тууралуу белги берген жана бирок айдоочу ылдамдыкты көбөйтүп, чек арачылардын сүзүп кетүүгө аракет кылган.

"Көрүлгөн чаралардын натыйжасында автоунааны токтотууга мүмкүн болду. Айдоочу кармоо учурунда жабыркаган жок", - деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары Тажикстандын Чек ара күчтөрү 22-декабрда түнкү саат 11лер чамасында Согд облусундагы Сомониён кыштагындагы тажик жаранынын үйүнө кыргыз айылы тараптан ок атылганын, андан үйдүн терезелерине зыян келгенин билдирген.

Азырынча Кыргызстан тажик тараптын "чагымчылдык" тууралуу билдирүүсүнө жооп бере элек. Бирок Кыргызстандын Чек ара кызматы буга чейин маалымдагандай, 22-декабрда Тажикстандын чек арачылары Максат-Жаштык автожолунда кыргыз жаранынын машинесине ок аткан. Расмий маалыматта тажик тарап курал мыйзамсыз колдонулганын, күнөөлүүлөр жоопко тартыларын убада кылганы айтылган.

"Жол кыргыз-тажик чек арасын бойлой жайгашкан. Айдоочу арыктан суу алуу үчүн токтогон маалда анын жанына Тажикстандын үч чек арачысы келип, унаага отуруп, андан Тажикстандын аймагына өткөрүүнү талап кылышкан. Айдоочу жолун үчөө менен улантып бара жатып башка автоунаанын жолун тосуп, кыйкырганга жетишкен. Чек арачылар КамАЗдан түшүп, айдоочу андан ары жолун улап кеткен. Бирок тажик чек арачылары автоунааны үч ирет атышкан. Ок чыгаруудан айнектер сынып, ал сыныктардан айдоочу жаракат алган”, - деп айтылат Чек ара кызматынын маалыматында.

Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев 23-декабрга оогон түнү Баткендин Тажикстан менен чектеш Көк-Таш айылында белгисиз бирөөлөр аңчылык куралдан ок чыгарганын “Азаттык” радиосуна билдирген. Аны улай Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке караштуу Чек ара кызматы маалымат таратып, анда "териштирүү иштерин жүргүзүшкөндө Кыргызстан тараптан эч кандай ок атылбаганын аныкташканын" белгилеген.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, анын 519 чакырымы такталган, калганы тактала элек. Быйыл жазында эки өлкөнүн чек арасында куралдуу жаңжал болуп, андан ондогон адамдардын өмүрү кыйылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG