Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 16:37

Күн, шамал энергиясы: мүмкүнчүлүк бар, колдонуу аз


Ысык-Көлгө орнотулган күн нурунан энергия топтой турчу панел.

Кыргызстандагы энергетикалык каатчылык жана климаттын өзгөрүүсү өкмөттөн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү табууну талап кылууда. Климаттын өзгөрүүсүнөн улам ири дарыялардагы суунун тартылып баратышы суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу маселесин курчутту.

Кыргызстанда "жашыл энергияны" негизинен суудан, күндөн, шамалдан жана биомассадан алса болот. Бирок, калыбына келүүчү энергия булактары өнүктүрүү дагы деле турмушка ашпай келет.

Колдонуу бир пайызга жетпейт

Бишкектин Көк-Жар конушунун тургуну Бакыт Аскарбеков быйыл август айында үйүнө күн нурунан энергия алуучу жабдыкты алып келип орноткон. 3 киловаттык чатырлар өндүргөн электр тогу күчөтүүчү жабдыктын жардамы менен 5 киловаттка чейин жетет. Жабдыкты Орусиядан, ал эми кошумча инвектор, аккумуляторду Кытайдан сатып келген. Аккумуляторлор 4-5 саатка жетерлик энергияны чогултуп, сактай алат. Бакыт электр энергияны күндүз жабдыктардан алса, түнкүсүн өкмөттүкүн колдонот. Бул жабдык анын үй чарбасын электр энергиясы жана жылуулук менен толук камсыздайт.

"Жабдык 4500 долларга турду. Кыргызстанда электр энергиясынын наркы өтө төмөн болгондуктан, азырынча өзүн-өзү актоо жөнүндө сөз жок. Үйдөгү шаймандар энергияга байланыштуу болгондуктан, алардын коопсуздугу жана туруктуу иштеши үчүн койгом", - дейт Аскарбеков.

Энергетика министрлигинин эсептөөлөрү боюнча шамал станцияларынан - 44,6 млн. кВт/с, күн станцияларынан - 490 млн. кВт/с, биомассадан 1,3 млрд. кВт/с энергия алуу мүмкүнчүлүгү бар. Бирок адистердин айтымында, Кыргызстанда альтернативдүү энергия булактарын иш жүзүндө колдонуу жалпы өндүрүлгөн энергетиканын 1% жетпейт.

Бакыт Аскарбеков
Бакыт Аскарбеков

Бакыт Аскарбеков калыбына келүүчү энергия булактарын өнүктүрүүгө мамлекет кийинки кездери бир топ жакшы шарттарды түзүп жатканын айтат. Маселен, бул жаатта импорттолгон жабдыктарды бажы төлөмдөрүнөн, кошумча нарк салыгынан бошоткон, ири өндүрүүчүлөрдүн электр энергиясын милдеттүү түрдө сатып алат. Анткен менен мыйзамдагы айрым жетишпестиктер майда өндүрүүчүлөрдүн азыраак көлөмдөгү электр тогун сатуусуна шарт түзбөйт.

"Биз ашыкча өндүргөн энергиябызды мамлекетке сата албайбыз. Мыйзам боюнча 500 киловаттан жогору өндүргөндөр гана сатышат. Бизге окшогон 3, 5, 10 киловаттыктар өндүргөн электр энергиясын сата алышпайт. Ошол себептен да алдыга жакшы жылбай жатат. Мамлекет тарабынан ушундайларга да шарт түзгөн чечим болсо иш бир топ алдыга жылып, баасы дагы да төмөндөмөк. Анда аккумулятору жок эле колдонуп калышмак. Күндүзү ар бир чатырдан өндүрүлгөн электр энергиясын жалпы тутумга кошуп, керектүүсүн кечинде кайра ала алса, актоо мөөнөтү да кыскармак. 6-7 жылда өзүн актап алса, андан кийинки 20 жылда ошол үй-бүлөнүн чакан бизнеси болуп кала бермек".

Бакыт күн жабдыктарын башкаларга да орнотуп берет. Айтымында, кийинки кездери мындай жабдыктарды орнотууга кызыккандар көп болуп жатат. Негизинен 3-5 киловаттык чатырларды көп алып атышат. Чоңураактарын, 50-100 киловаттыктарын коюуну каалагандар да бар. Бирок, мамлекет мындай азыраак көлөмдө өндүрүлгөн электр энергияны сатып албагандыктан, алар чоңураак станцияларды курууга батынбайт. Мисалы, айрым ишканалар кышында 1-2 айга өзүнө электр энергиясы керек болгондо иштетип, андан кийин 10 ай бою станциясы жөн эле туруп калат.

"Жашыл энергия" рыногундагы алгачкы ишкердик

Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр айылында "Бишкек Солар" компаниясы күндүн нурунан энергия алуучу ири станция курганы жатат. 300 МВт/с кубаттуулуктагы бул станция 500 гектар аянтка курулмакчы. Компания учурда Энергетика министрлигинен уруксат кагаздарын алып, техникалык-экономикалык негиздемелерин даярдап жатат. Аны курууга 300 млн. долларга чейин инвестиция салынат.

Күн нурунанан энергия топтой турчу панель, Ысык-Көл.
Күн нурунанан энергия топтой турчу панель, Ысык-Көл.

Компаниянын жетекчиси Азамат Искенбаев жаңы жылга чейин станциянын алгачкы бөлүгү ишке киргизүү пландалып жатканына токтолду.

"Азыр энергетика тармагында аябай эле кооптуу жагдайлар жаралып жатат. Калыбына келүүчү энергия булактары Кыргызстанды энергетикалык кризистен алып чыгуучу жолдордун бири. Климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу сууларыбыз азайып кетти. Ошондуктан ири инвесторлор биздеги үлкөн гидроэнергетикалык долбоорлорго салым жасабай жатышат. Мамлекет бизден электр тогун сатып алат. Мындан тышкары, ишканаларга түз сатууга да мүмкүнчүлүктөрүбүз бар", - деди ал.

Искенбаевдин айтымында, күн чатырлары өндүргөн электр энергиясынын өздүк наркы кичи жана ири ГЭСтердин энергиясына караганда үч эсеге чейин арзан болмокчу. Эсептөөлөр бул долбоор 7-9 жылда өзүн актарын көрсөтүүдө.

Укуктук база жана көйгөй

Кыргызстан 2008-жылы "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" мыйзам кабыл алган. Бул мыйзам өлкөдөгү энергиянын кайра жаралуучу булактарын өндүрүүнү жана колдонууну жөнгө салган алгачкы укуктук документ болгон. Мыйзам буга чейин бир нече жолу өзгөртүлгөнүнө карабай, иштөө механизми так белгиленген эмес.

Татьяна Веденева
Татьяна Веденева

Мындан улам “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуу жана берүү боюнча ишти жүзөгө ашыруунун шарттары жана тартиби жөнүндө” жобо иштелип чыгып, 2020-жылдын 15-ноябрында күчүнө кирген. Энергетика министрлигинен уруксат алган компаниялар бул жаатта расмий ишмердик жүргүзө алат.

Кайра жаралуучу энергия булактарын жана энергосарамжалдуулукту өнүктүрүү борборунун директору Татьяна Веденева жаңы эреже өлкөдөгү энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө ыңгайлуу шарттарды түзөөрүн айтат.

"Жобого ылайык, энергиянын кайра жаралуучу булактарынан электр тогун өндүрүү үчүн жеке жана юридикалык жактар Энергетика министрлигине барып талап кылынган документтерди, техникалык-экономикалык негиздемени тапшырат. Министрлик аны бул жаатта иштөөчү субъект катары каттайт. Документте энергиянын кайра жаралуучу булактарынан электр тогун өндүрүү жана сатуу боюнча так жол-жоболор жазылган. Азыр мамлекет бул тармакта иштеген өндүрүүчүлөрдү колдоого алып жатат. Тагыраагы, учурдагы эң жогорку тариф болгон 2,52 сомду 1,3 коэффициентке көбөйтсөк 2,92 сом болот. Бул мамлекет кайра жаралуучу энергияны өндүрүүчүлөрдөн сатып алуучу баа".

Энергиянын кайра жаралуу булактары ассоциациясы 2020-жылдын декабрь айында шамалдан энергия өндүрүүчү жабдыктарды алып келген. Мыйзам чийки болгондуктан Салык кызматы аларды жабдыктаран кошумча нарк салыгын төлөтүп алган. Кийин бийликке кайра-кайра түшүндүрүүнүн жыйынтыгында, өзүнүн керектөөсүнө колдонуу үчүн алып келгендерди кошумча нарк салыгынан бошотууга жетишкен.

Ассоциациянын жетекчиси Кундуз Кырбашева мыйзамдагы кемчиликтер жана бийлик тепкичтериндеги бюрократия жабдыктарды алып келип жаткандарды бир топ убаракерчиликке салып жатканын айтты.

Кундуз Кырбашева
Кундуз Кырбашева

"Президент, Министрлер кабинети энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө аракеттерин жасап атышат. Бирок аким, айыл өкмөттөргө улам төмөн түшкөн сайын ишкерлер үчүн аларга түшүндүрүп берүү аябай кыйын болууда. Анткени жер маселесин ошолор чечет. Ошого келгенде эле түшүнбөстүктөр жаралып, жер мыйзамдарын өздөрү каалагандай айтышат. Кат алмашуу менен эле алек болуп жатабыз", - деди Кундуз Кырбашева.

Күн энергиясын колдонгон Бакыт Аскарбеков мамлекет азыркы укуктук базаны дагы да ийкемдүү кылып ар тараптуу чечимдерди кабыл алса энергокризисти басаңдатууга жакшы мүмкүнчүлүктөр ачыла турганын айтты.

"Эки-үч эле механизм керек. Биринчиси, майда өндүрүүчүлөргө да уруксат берилиши зарыл. Экинчиси, "жашыл технологияларды" жайылтуу үчүн жеңилдетилген үстөк менен берилүүчү банктык чечимдерди иштеп чыгуу керек. Үчүнчүсү, мамлекет майда өндүрүүчүлөрдөн да электр энергиясын кепилденген наркта сатып алса. Ушундай чечимдер мамлекеттин энергокризистен чыгып кетүүсүнө жакшы жолдорду ачмак", - деди Бакыт Аскарбеков.

Климаттын өзгөрүүсү жана энергетикалык каатчылык

Өлкөдөгү эң ири гидроэлектрстанция Токтогул каскадында быйыл суу өтө тартыш. Декабрь айынын башында суу сактагычта 11 млрд. метр кубга жетпеген суу калган. Мындай жагдай өлкө жетекчилигин жана адистерди абдан кооптондурууда. Сууктун түшүшү менен электр энергиясын колдонуу күнүнө 70 млн. кВт/с жетүүдө. Жылуулук мезгили ушундай темп менен жыйынтыкталса Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмү 6 миллиардга чейин түшүп кетиши ыктымал.

Кырдаалдан чыгуу үчүн коңшу мамлекеттерден электр энергиясын импорттоо боюнча бир катар келишимдер түзүлгөн.

Кыргызстандын жалпы гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүгү - 142,5 млрд. кВт/с. Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Орусия менен Тажикстандан кийинки 3-орунда турат. Бирок, энергетикалык мүмкүнчүлүгүнүн 10% гана өздөштүрүп келет.

Мындан улам Кыргызстан энергиянын жаңы булактарын өздөштүрүүнү тездетүүгө киришти. Өкмөт бул жаатта негизинен майда дарыяларга кичи ГЭСтерди куруп, өлкөнүн суу ресурстарын колдонуу мүмкүнчүлүгүн арттырууга көп көңүл бурууда.

Эксперттер энергетика тармагын либералдаштыруу өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө да түрткү болоорун айтышат. ЮНИСОН коомдук бирикмесинин жетекчиси Нурзат Абдырасулова энергияны өндүрүүдө ички инвесторлорго шарт түзүү зарылдыгын баса белгиледи.

"Биз азыр суу жок калса эле, электр энергиясын кайдан импорт кылууну ойлоп калабыз. Коңшу өлкөлөрдөн кымбат баада сатып алабыз. Ошол эле учурда ички инвесторлорду колдоп, алар кайра жаралуучу энергияны өндүрүп сатса жакшы болмок. Бир жагынан рыноктогу акча өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө жардам берсе, экинчи жагынан энергетикалык коопсуздукка жетишмекпиз. Мындан тышкары, чыккан энергиянын түрү канчалык көп болсо, энергетика рыногу ошончолук либералдашып, көп түрдүүлүккө алып барат. Элде тандоо мүмкүнчүлүгү көбөйөт".

Өкмөт кичи ГЭСтерди көбөйтүүгө кызыкдар

Адистер салттуу эмес энергетиканы өнүктүрүүнүн эң натыйжалуу багыттарынын бири катары микро жана кичи ГЭСтер аркылуу чакан агымдардын энергиясын колдонууну эсептешет. Бул бир жагынан мындай агымдардын олуттуу потенциалы менен түшүндүрүлсө, экинчи жагынан аймактагы ири дарыялардын гидроэнергетикалык потенциалынын түгөнүп баратышы менен негизделет.

Ысык-Көлгө орнотулган күн нурунан энергия топтой турчу панел.
Ысык-Көлгө орнотулган күн нурунан энергия топтой турчу панел.

Татьяна Веденева Кыргызстан кичи ГЭСтерди иштетүүдөгү тарыхый тажрыйбасына кайра кайтуу зарылдыгын айтты.

"Кичи ГЭС бир топ жолго салынган технология. Кыргызстандын энергосистемасы өткөн кылымдын ортолорунда кичи ГЭСтерге негизделип курулган. Ал кезде күн технологиясы өтө кымбат эле. Өлкөдө 250дөн ашуун кичи ГЭСтер калктуу конуштарды электр тогу менен камсыздап келген. Кийин ири ГЭСтер курулганда, кичи станциялар бузулуп же токтоп калган. Азыр биз ошол кичи ГЭСтерге жана башка технологияларга кайра кайтышыбыз керек. Алардын баасы арзандап калды. Ошондуктан, кичи ГЭСтерди эле эмес, шамал менен күндөн да энергия өндүрүү толук мүмкүн болуп калды".

Республикада азыр 19 кичи ГЭС бар, алардын жалпы кубаттуулугу 54 МВтка жетет. Энергетика министрлигинин маалыматында, 2021-2022-жылдары Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Ош облустарында кичи ГЭСтер курулууда. Чүй менен Таласта дагы ушундай гидроэлектрстанцияларын курууну пландайт. Курулуп жаткан жалпы кубаттуулугу 100 МВттан ашык болмокчу.

Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, кичи гидроэнергетика тармагы жылына 5-8 млрд кВт/с электр энергиясын берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бирок, ага карабай, өлкөдөгү кичи дарыялардын гидроресурстарын өздөштүрүүнүн көлөмү 1,27% гана болууда. Кичи дарыялардын жалпы потенциалы болсо 1 млрд. кВттан ашат.

Кыргызстанда 71 кайра жаралуучу энергия булактарынын субъекттерине Энергетика министрлигинин күбөлүгү берилген. Аларга 68 кичи ГЭС, бир күн станциясы, бир шамал мачтасы жана бир сүзүүчү фото-электростанциясы кирет.

Энергетика министринин орун басары Тилек Айталиевдин айтымында, өкмөттүн жалпысынан 130 кичи ГЭСтерди куруу планы бар.

"Биз түзгөн реестр боюнча 130 кичи ГЭС курууга болоору белгиленген. Бул биздин адистерибиздин көз караштары менен, ыңгайлуу шарттарда курулуучу ГЭСтердин тизмеси. Бирок, андан дагы көп курса болот. Кичи ГЭСтен өткөн суу кайра эле өз нугу менен кете берет".

ГЭСтер менен ЖЭБдерди куруу

Өкмөт кичи ГЭСтерди көбөйтүү менен катар, Камбарата-1 ГЭСи, Жогорку Нарын, Суусамыр-Көкөмерен, Казарман каскаддары өңдүү ири гидроэнергетикалык объекттерди курууга да кызыкдар экенин билдирип келет. Бул курулуштар өлкөнүн экспорттук потенциалын өстүрөт деп ишенет өкмөт.

Энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев ири жана кичи ГЭСтерди куруунун актуалдуулугу күн тартибинде турганын айтат. Ал эми экологияга зыян келтирбөө үчүн ЖЭБден электр энергиясын өндүрүүнү азайтуу зарылдыгын белгилейт.

"Жетпеген энергияны кичи ГЭСтерден, күндүн энергиясынан жана ири ГЭСтерден алабыз. Иш-чараларыбызда ЖЭБдин бүгүнкү күндөгү иштеп жаткан режимин сактап калып, аны күчөтпөй, тескерисинче ал жактан өндүрүлгөн энергияны азайтуу аракеттери бар", - дейт Айталиев.

Доскул Бекмурзаев
Доскул Бекмурзаев

Мурдараак министр Доскул Бекмурзаев электр энергиясын көбөйтүү үчүн Бишкек менен Кара-Балтада эки ЖЭБ курууга белсенип жатканын билдирген болчу.

"Эмдиги жылы Бишкек ЖЭБ-2ни куруу планыбызда бар. Бүгүн эрте менен президент ал жерге барып эл менен жолугуп келди. Санитардык аймак жана башкалар боюнча маселелерди такташып алдык. Кудай буюрса, Кара-Балтада да ЖЭБ курууну пландап жатабыз. Алдын ала айткым келбейт, сүйлөшүүлөр, кол коюулар да болду. Иш башталса 2022-жылдын ичинде биз жок дегенде 300-400 МВт кубаттуулукту киргизишибиз керек".

Айта кетээр жагдай, Бишкек шаары менен Чүй облусунун айрым райондорундагы кышкы көк түтүндүн капташында жеке турак жайлар 40% болсо, Бишкек ЖЭБдин салымы 30% түзөт. Экологдор абага чыгарылган эмиссияны азайтуу боюнча тынымсыз коңгуроо кагып келет.

Ал эми Камбар-Ата-1 сыяктуу ири каскаддарды куруу зарылдыгы курч турганы менен, анын чыгымы көп болорун айтышат эксперттер.

Экологиялык коопсуздук жана экономикалык сарамжалдуулуктун алкагынан караганда жер-жерлерде кичи ГЭСтер менен күндөн жана шамалдан электр энергиясын өндүрүү кыйла максаттуу болот.

Кыргызстан электр энергиясын ысырап колдонуу жагынан дүйнөдө 15-орунда турат. Кыргызстанда энергиянын 40% ашыгын имараттарды жылытууга колдонот.

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду Бишкектин айланасындагы жаңы конуштарды геотермалдык жылытууга өткөрүү долбоорун баштай турганын жарыялаган. Бирок, бул демилге азырынча даярдоо стадиясында, мөөнөтү жана ишке ашыруу механизмдери азырынча белгисиз.

Саман үй: Жылуулукту кармайт, экология зыян тартпайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:20 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG