Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:31

Ирандын өзөктүк келишими боюнча сүйлөшүү 27-декабрда уланат


Венадагы сүйлөшүүлөр, 17-декабрь 2021-жыл.
Венадагы сүйлөшүүлөр, 17-декабрь 2021-жыл.

Ирандын өзөктүк программасы боюнча эл аралык келишимди кайра жандандырууну көздөгөн сүйлөшүүлөр Вена шаарында 27-декабрда уланат. Бул тууралуу Европа Биримдигинин дипломаты, сүйлөшүүлөрдүн координатору Энрике Мора 23-декабрда Твиттерге жазды.

"АКШ менен жакындан иш алып барып, негизги маселелер боюнча ишти илгерилетүү жана алдыга жылуу маанилүү. Сүйлөшүүлөрдүн 8-айлампасына кош келиңиз", - деп жазды дипломат.

Орусиянын бул сүйлөшүүлөрдөгү делегаты Михаил Ульянов "Рождество" менен Жаңы жыл майрамдарынын ортосунда олуттуу иш менен алек болуу адатта көп кишиге жакпай турганын, бирок бул жагдай бардык тараптар өзөктүк келишимди "болушунча тезирээк калыбына келтирүүнү көздөрүн" күбөлөп жатканын билдирди.

Буга чейин Кошмо Штаттардын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Венадагы сүйлөшүүлөр бир нече жуманын ичинде жыйынтыкталышы мүмкүндүгүн айткан.

2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектеши керек эле. Бул үчүн Ислам Республикасына салынган эл аралык санкциялар алынган.

2018-жылы АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын администрациясы бул келишимден чыгып кетип, санкцияларды кайра жанданткан. Тегеран буга жооп кылып, келишимдин айрым шарттарын аткаруудан баш тартып, уран байытуу аракетин күчөткөн.

Трамптан кийин быйыл январда ишке киришкен президент Жо Байден эл аралык келишимге кайра кошулууну убада кылып, бирок Иран документтин шарттарын толук аткарышы керек экенин билдирген.

Венада апрель айында башталган сүйлөшүүлөр Иранда Батышка каршы турган, ашынган консерватор саясатчы Ибрахим Раиси президент болуп шайлангандан кийин токтоп калып, кайра ноябрь айынын соңунда жанданган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG