Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:54

Бишкектеги "Ысык-Көл" мейманканасы бузулуп жатат


Ысык-Көл мейманканасы.
Ысык-Көл мейманканасы.

Президенттин иш башкармалыгы Бишкектеги "Ысык-Көл" мейманканасынын имараты көп жылдан бери колдонулбай, эскирип авариялык абалга келгенин билдирди.

Таратылган расмий маалыматта, имаратты мындан ары пайдалануу кооптуу жана башкаларга коркунуч туудурары жазылган.

"Сырты курчалганына карабай шаардыктар аймагына кирип кеткен учурлар көп. Имарат урап кетиши мүмкүн жана мейманкана аймагында жүргөн адамдар жабыркап калышы ыктымал. Аны кайра калыбына келтирүү үчүн дээрлик жаңы имаратты курууга чыгымдалчу сумма талап кылынмак", - деп айтылат маалыматта.

Президенттин иш башкармалыгы ордуна эмне салынары тууралуу маалымат берген жок.

24-декабрда Бишкектин түштүк бөлүгүндө, мамлекеттик резиденцияга жакын жайгашкан "Ысык-Көл" мейманканасын бузуу иштери башталганы белгилүү болду.

2019-жылы "Ысык-Көл" мейманканасынын имаратына өкмөттүн аппаратын көчүрүү сунушталган. Анда имаратты оңдоп-түзөөгө 60 млн. доллардан ашык каражат сарпталары айтылган.

Борбор калаанын түштүк бөлүгүндө жайгашкан сегиз кабаттуу комплекс 1984-жылы Кыргыз ССРинин 60 жылдыгына карата курулган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG