Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

Кубанычбеков: Кытайдан келген жүк ташуучу унаалардын 75% башка мамлекеттерге өтүп кетүүдө


Иллюстрациялык сүрөт. Кыргыз-кытай чек арасындагы Торугарт чек ара бекети. Июнь, 2021-жыл.
Иллюстрациялык сүрөт. Кыргыз-кытай чек арасындагы Торугарт чек ара бекети. Июнь, 2021-жыл.

Кытайдан Кыргызстанга кирген жүк ташуучу автоунаалардын 75% транзит аркылуу Казакстан, Өзбекстан, Орусияга өтүп кетип жатат. Бул тууралуу Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков “Азаттыкка” берген маегинде билдирди.

“Кытайдан 150 жүк ташуучу унаа кирип жатса анын 25% гана Кыргызстанда калып жатат. Калганы Казакстан, Өзбекстан, Орусияга транзит болуп өтүп кетүүдө. Бул чоң көйгөй. "Дордой", "Мадина", "Кара-Суу", "Баткен" базарларында товар жетишсиз болуп жатат. Кыргызстанга көбүрөөк киргизсек баалар түшөт. Ошондуктан Кыргызстанга керектүү жүк ташыган унааларга жашыл коридор ачууга кам көрдүк, буюрса январь айында үзүрүн көрөбүз”.

Кубанычбековдун айтымында, Кытай менен Кыргызстандын чек арасындагы Торугарт жана Эркечтам бекеттери аркылуу күнүнө 150дөн ашык жүк ташуучу унаа өтүп жатат. Ал 2020-жылы пандемия башталганда кыргыз бийлиги эч бир мамлекет чек арасын жаба электе Кытай менен чек арасын жаап, чоң ката кетиргенин айтты.

Адилет Кубанычбеков Бажы кызматынын башына октябрда келген. Октябрда кыргыз-кытай чек арасынан 50-60 жүк ташуучу унаа өтүп жаткан. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бажы кызматынын жаңы дайындалган жетекчисине бул тармактан түшкөн каражаттын көлөмүн 2,5 эсеге көбөйтүү милдети коюлганын билдирген.

Кыргыз-кытай чек арасы адатта Курман айт, Жаңы жыл майрамдарында жабылып турчу. 2020-жылы 24-январда “Жаз майрамына” байланыштуу Кытай тараптын өтүнүчү менен чек ара бир жумага жабылган.

Бирок кыргыз бийлиги коронавирустун алдын алуу максатында 1-февралда чек араны толугу менен жаап, аба каттамдарын токтотуп койгон. Чек ара жабылгандан кийин бир ай өтпөй Кытайдан ташылып келинген товарлардын тартыштыгы сезиле баштаган.

Кыргыз өкмөтү 2020-жылы март айынын аягында жүк ташууну жандандыруу маселесин кароо боюнча Кытай мамлекетине тийиштүү нота жөнөтүүгө аргасыз болгон.

Пандемияга чейин Торугарт менен Эркечтам бекетинен күнүнө 150дөн унаа өтүп турган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG