Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:45

Сумаянын өлүмүнө шектүүгө соттук-психиатриялык экспертиза дайындалды


Кылмышка шектүү. КР ИИМ тараткан сүрөт
Кылмышка шектүү. КР ИИМ тараткан сүрөт

Сумаянын өлүмүнө шектүү жаранга соттук-психиатриялык экспертиза дайындалганын, ал милициянын көзөмөлү астында өтөрүн Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан 24-декабрда кабарлашты.

“Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү У.А. аттуу жаран Жалал-Абад облустук ооруканасынын психоневрология бөлүмүндө стационардык тартипте дарыланганы аныкталды”, - деп айтылат милиция тараткан маалыматта.

Жазык-процесстик кодексинин 186-беренесинин (Экспертиза жүргүзүү үчүн адамдарды медициналык мекемеге жаткыруу) негизинде шектүүгө карата 23-декабрда соттук-психиатриялык экспертиза дайындалып, аны ыкчам өткөрүү жагы Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар-12 шаарчасында жайгашкан психиатриялык оорукананын эксперттерине тапшырылган.

Сузак районунда тогуз жаштагы Сумаянын өлүмүнө шек саналып кармалган жаран кайра коё берилгенин жактоочу Мунар Сулайманов ал күбө катары суракка чакырылып, суроо-жооптон кийин үйүнө коё берилгенин 23-декабрда "Азаттыкка" билдирген.

Милиция шектүү соттук-психиатриялык экспертизадан өтөрүн, текшерүүнүн жыйынтыгы менен чечим кабыл алынарын маалымдаган.

Ички иштер министрлиги ноябрь айында дээрлик он күндөй дайынсыз болуп, кийин сөөгү табылган тогуз жаштагы Сумая Хосилжанованы өлтүрүүгө шек саналып 48 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин 23-декабрда билдирген.

Милиция тараткан маалыматта сурак учурунда шектүү күнөөсүн моюнуна алып, Сумаяны мектепке бара жатканда азгырып үйүнө ээрчитип кеткенин, үч-төрт күн жертөлөдө колу-бутун скотч менен байлап кармагандыгын, денеси муздап, өлүп калгандан кийин сөөктү суунун жээгине таштап салганын жарыялаган.

Сузакта 18-ноябрдан баштап дайынсыз жоголгон кыздын сөөгү 27-ноябрда Көгарт дарыясынын жээгинен табылган. Аны милиция кызматкерлеринен сырткары 200дөй ыктыярчы издеген.(JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG