Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:52

Путин Батыштан коопсуздук кепилдигин талап кылды


Владмир Путин.
Владмир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин 23-декабрда жылдык маалымат жыйынын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Бул жолку жыйын Украинага жакын аймакта миңдеген орусиялык аскерлер топтолуп, Батыш менен Киевдин кооптонуусун жаратып жаткан маалга туш келди.

Орус президенти британиялык Sky News телеканалынын журналистинин "Сиз Украинага кол салбайбыз деп жатасыз, кепилдик бере аласызбы?" деген суроосуна жооп берип жатып, Батыштан "токтоосуз" коопсуздук кепилдигин талап кылды.

"НАТО чыгышка карай кеңейбейт деп сөз беришкен. Бирок бизди алдап кетти. Силер менден кепилдик талап кылып атасыңар. Силер мага кепилдик беришиңер керек, токтоосуз, азыр", - деп жооп берди.

Путин кийинки жылдын башында АКШ жана башка Батыш мамлекеттери менен сүйлөшүүлөр болорун кыйытты.

Америкалык жана орусиялык дипломаттар жаңы жылдын башында Женевада жолугуп, коопсуздук маселелерин талкуулоону көздөп жатат.

Соңку жумаларда АКШ, НАТО жана Киев Украинага жакын аймакта жүз миңдей орусиялык аскерлер жайгашканына кооптонуп, коңгуроо кагууда. АКШнын расмий бийлиги Москва жакынкы айларда Украинага кол салышы мүмкүн экенин билдирген.

Путин буга чейин согушту каалабай турганын, бирок кокус куралдуу кагылышуу башталып кетсе, бул үчүн Киев менен Батыш жооптуу болорун айтып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG