Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:09

Чеченстандын дин башкармалыгы Эрдоганды "эки жүздүүлүккө" айыптады


Салах Межиев
Салах Межиев

Чеченстандын Мусулмандар дин башкармалыгы жана Чеченстандын муфтийи Салах Межиев Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганды "эки жүздүүлүккө" айыптап, "тиешелүү чараларды" көрөрүн билдирди. Мындай маалымат башкармалыктын сайтында жарыяланды. Буга чейин Түркиянын Керфез шаарында Жохар Дудаевге эстелик коюлуп, анын атындагы парк ачылган.

Дудаев өзүлөрүн Ичкерия чечен республикасы деп атап алган жикчил аймактын биринчи башчысы болгон.

Бир күн мурда Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров түрк бийлигин террорчуларды калкалып жатканы үчүн айыптаган.

Мусулмандар дин башкармалыгынын сайтындагы билдирүүдө "Эрдоган мырза, сиз эки жакка ойноп жатасыз. Өзүңүздү момун мусулман деп атап, ошол эле маалда Орусиядан Түркияга кире качкан террорчуларды колдоп жатканыңыз эки жүздүүлүк" деп жазылган. Ошондой эле Чеченстанда "Фетхуллах Гүленди түрк элинин чыныгы патриоту катары карашарын" белгилешкен.

Жохар Дудаев атындагы парктын жана эстеликтин ачылыш аземи декабрдын башында өткөн. Ага бийликтеги Ак партиянын мүчөсү мэр Шенер Сегют да катышкан. Ал Дудаевди "кыйын колбашчы" деп атаган.

Кадыров болсо Грозный шаарында Түркияда өмүр бою эркинен ажыратылган Курдистан жумушчу партиясынын негиздөөчүсү Абдулла Ожаланга эстелик коёрун эскертти.

Рамзан Кадыровдун атасы Ахмад Кадыров да бир кезде дал ошол Ичкерия чечен республикасы деген жикчил аймактын муфтийи болгон. Рамзан өзү да бир кезде Дудаев тарапта согушкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG