Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:08

Түркиянын президенти 2022-жылы Кыргызстанга келерин билдирди


Садыр Жапаров жана Режеп Тайып Эрдоган. 9-июнь, 2021-жыл. Анкара шаары.
Садыр Жапаров жана Режеп Тайып Эрдоган. 9-июнь, 2021-жыл. Анкара шаары.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку Кеңештин 2022-жылы боло турган жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келүү ниетин билдирди. Бул тууралуу түрк лидери бүгүн, 23-декабарда президент Садыр Жапаров менен телефондон сүйлөшкөн учурда айтты.

Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу бири-бирин куттукташты. Жапаров Түркия Кыргызстандын көз карандысыздыгын тааныган, дипломатиялык алака түзүп жана элчилигин ачкан алгачкы өлкө экенин белгиледи.

"Түркия биз үчүн боордош мамлекет, ишенимдүү дос, ошондой эле мезгил сынагынан өткөн өнөктөш. Кыргызстан Түркия менен мамилеге өзгөчө маани берет", — деп белгиледи Жапаров.

Эрдоган 2021-жылы кыргыз-түрк мамилелерине стратегиялык өнөктөш макамы берилгенине 10 жыл болгонун белгиледи. Буга байланыштуу ал стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку Кеңештин 2021-жылдын июнь айында өткөн жыйынынын жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өз ара күч-аракетти жумшоону сунуштады.

Түркия Кыргызстан 1991-жылдын 31-августунда эгемендик алгандан кийин дипломатиялык алака түзгөн алгачкы мамлекеттердин катарына кирет. Бул өлкөдө учурда 25 миңдей кыргызстандык мигрант жашап, эмгектенет. Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына карата Түркияда буга чейин да бир катар иш-чаралар уюштурулган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG