Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:12

УКМК чек арада ок Кыргызстан тараптан атылбаганын билдирди


Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы 23-декабрга оогон түнү Баткен районунун Тажикстан менен чектеш аймагында ок атылган окуя боюнча маалымат берди. Расмий маалыматка караганда, Тажикстандын Исфара багыты боюнча чек ара өкүлү 22-декабрдан 23-декабрга караган түнү Баткен районуна караштуу Дахма жерлигинде белгисиз адамдар аң уулоочу куралдан тажик жарандарынын үйүн көздөй эки жолу ок чагарганын маалымдаган.

Кыргызстандын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жаш балдар ойногон жардыргычтардын (хлопушки) үнүнө окшош дабыш угулганын билдиришкен. Бирок ошол эле учурда жеринен териштирүү иштерин жүргүзүшкөндө Кыргызстан тараптан эч кандай ок атылбаганын аныкташкан. Учурда кыргыз тараптын укук коргоо органдары кошумча териштирүү иштерин улантып жатышат.

Буга чейин 23-декабрга оогон түнү Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Көк-Таш айылында белгисиз бирөөлөр аңчылык куралдан ок чыгарганын Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев “Азаттык” радиосуна билдирген. Ал эки өлкөнүн укук коргоо органдары окуяны иликтеп жатканын айткан.

Жергиликтүү тургундар түндөсү Көк-Таш айылынын чек аралаш аймагында эки-үч жолу аңчылык куралдан ок чыкканын айтууда. Октон эч ким жабыркаган эмес. Кыргызстан менен Тажикстандын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жолугуп, ок кайсы тараптан атылганын иликтөөгө алууда.

УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында абал тынч экенин билдирди.

22-декабрда дагы Баткен облусунун Тажикстан менен чек аралаш аймагындагы жолдо Тажикстандын чек арачылары аралашкан окуя катталган эле. Тажик чек арачылары кыргызстандык автоунаага үч ирет атышканы айтылган. Бул окуя боюнча Лейлек районунун жана Тажикстандын Ганч районунун чек ара өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик жетекчилери жолукту.

Кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган аймактардын айынан тез-тез эле ар кандай мүнөздөгү жаңжалдар катталып келүүдө. Ушул жылдын 28-апрелинен 1-майына чейин уланган куралдуу кагылышта Кыргызстандан 36 киши курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашык адам жаракат алган. Тажикстан тараптан 19 киши өлүп, 87 адам жаракат алганы расмий кабарланган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, анын 519 чакырымы такталган, калганы тактала элек. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG