Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:12

Бактыбек Калмаматовдун тарапташтары маалымат жыйынын өткөрдү


Маалымат жыйынынан алынган сүрөт. Исмаил Исаков, Мырза-Айым Камчыбекова, Руслан Бекназаров (солдон-оңго).
Маалымат жыйынынан алынган сүрөт. Исмаил Исаков, Мырза-Айым Камчыбекова, Руслан Бекназаров (солдон-оңго).

Саясатчы Бактыбек Калмаматовдун камалышы боюнча анын адвокаты Мырза-Айым Камчыбекова, "Азаттык" партиясынын лидери Исмаил Исаков жана партия мүчөлөрү 23-декабрда маалымат жыйынын өткөрдү. Алар Калмаматовду камактан бошотууну талап кылды.

Адвокат Мырза-Айым Камчыбекованын айтымында, атайын кызмат Калмаматовго "Фейсбуктагы" Нур Азиз аттуу колдонуучу жазган билдирүүлөр боюнча айып коюп жатат.

"Бактыбек Калмаматовго "Фейсбукта" Нур Азиз деп катталган колдонуучу жазган посттор үчүн айып коюлуп жатат. Мен ал аккаунт менен кечээ тааныштым. Ал 2020-жылы пайда болуп, карикатураларды чыгарчу экен. Атайын кызмат ал аккаунт Калмаматов мурда колдонгон телефон номурга байланган деп жатат. Биз ал номурду ким колдонуп жүргөнүн билүү үчүн уюлдук оператордун кеңсесине бардык. Алар номур күйүп кеткенин жана сатыкка коюлганын билдиришти", - деди Камчыбекова.

Маалымат жыйынына катышкан "Азаттык" партиясынын лидери Исмаил Исаков Бактыбек Калмаматов азырынча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер экенин, анын статусу камакка алууга жол бербей турганын билдирди.

"Азаттык" партиясы Калмаматовдун кармалышы боюнча Башкы прокуратурага, Кыйноолордун алдын алуу борборуна арызданышкан.

Бүгүн Биринчи Май райондук соту Калмаматовдун баш коргоо чарасын карайт.

Саясатчы, парламенттин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов УКМКнын тергөө абагына 48 саатка камакка алынган. Улуттук коопсуздук комитети Калмаматовго "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу" беренеси менен айып тагууда. 22-декабрда Бактыбек Калмаматовдун үйү жана кеңсеси тинтилип, 23 санарип техника алынган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG