Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:43

COVID-19: бир күндө эки киши каза болду, 39 жаңы учур катталды


Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдан билдиргендей, 24-декабрга карата коронавирус дагы 39 адамдан аныкталып, эки бейтап каза болду. Каза болгон жаран вакцина алган эмес.

Ушуну менен 2020-жылдын март айынан бери вирустан 2 790 киши көз жумду.

  • Бишкек шаары – 23
  • Ош шаары-1
  • Жалал-Абад облусу - 3
  • Чүй облусу - 3
  • Ош облусу - 4
  • Ысык-Көл облусу - 5.

Азыркы учурда өлкө боюнча 642 бейтап коронавирустан дарыланып жатат. Алардын 287си ооруканада болсо, 337 киши медициналык жардамды үйүнөн алууда. Вирус аныкталгандардын 99 пайызы вакцина албагандар.

Өлкөдө COVID-19га каршы алты түрдүү вакцина акысыз сайылууда. 23-декабрга карата 1 млн. 200 миңдей адам эмдөөдөн өттү. Алардын 1 миллиону эки дозаны бирдей сайдырышты.

Вирустун жаңы түрүнө байланыштуу 1-декабрдан тарта Кыргызстанга чек арадан кирген ар бир адамдан коронавирус жоктугун тастыктаган милдеттүү ПЧР-тест талап кылынат. Чет элдиктер да, кыргызстандыктар да вакцина алганына карабай, тесттен өтүүгө тийиш. "Омикрон"-штаммы катталган өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанга киргизилбейт. Өлкө аймагында вирустун жаңы түрү катталган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG