Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

Калмаматовдун бөгөт чарасы каралып жатат


Бактыбек Калмаматовдун тарапташтары. Биринчи май райондук соту.
Бактыбек Калмаматовдун тарапташтары. Биринчи май райондук соту.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда оппозициялык саясатчы Бактыбек Калмаматовдун бөгөт чарасы каралып жатат.

Саясатчы, парламенттин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматовду Улуттук коопсуздук комитети "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу" беренеси менен айыптап, 22-декабрда камакка алган.

Ал 22-декабрга караган түнү Сауд Арабиясына эки жумалык умра зыяратына баратканда "Манас" эл аралык аэропортунан кармалган.

Калмаматовдун адвокаты Мырза-Айым Камчыбекованын айтымында, атайын кызмат Калмаматовго Фейсбуктагы "Нур Азиз" аттуу колдонуучу жазган билдирүүлөр боюнча айып коюп жатат.

Бийликти кескин сындап келаткан Бактыбек Калмаматов ушул жылдын 11-январында өткөн президенттик шайлоого катышкан.

28-ноябрдагы парламенттик шайлоого "Азаттык" партиясынын тизмесинде талапкер болгон. Аталган партия 5% чектен өткөн эмес. (МТа)

XS
SM
MD
LG