Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:24

Кубанычбеков: Кыргызстанда аткезчилик толук токтоду


Адилет Кубанычбеков.
Адилет Кубанычбеков.

Кыргызстандын бажы тармагында аткезчилик токтоду. Бул тууралуу бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.

Кубанычбековдун айтымында аткезчилик менен алектенем деген ишкерлер башка жакка барышы керек.

“Биз Евразиялык экономикалык биримдикке киргенде каалагандай иштегиле деп үч жыл жеңилдик убакыт берилген. 2016-, 2017-, 2018-жылдары бажы тармагында маселе болгонун көргөн жокпуз. Бирок 2019-жылдан тарта көйгөй башталды. Анткени бизге берилген жеңилдик мөөнөтү бүттү. Мындан ары таза иштешибиз керек. Бүткүл бизнеске кайрылгым келет, аткезчиликке чоң согуш жарыялап ал токтоду. Эми Кыргызстанда аткезчилик менен иштейм дегендер башка жакка барсын”.

Эл аралык республикалык институттун (IRI) 2020-жылдагы сурамжылоосу Мамлекеттик бажы кызматы коррупциялык органдардын катарында экенин көрсөткөн. Өлкө аймактарындагы сурамжылоого катышкан 1,5 миңдей кишинин теңи бажыны эң коррупциялашкан тармак катары сыпаттаган.

2020-жылы “Азаттык” радиосу жана бир нече эл аралык медианын журналисттери бажыдагы миллиондогон каражаттарды кымырган схемаларды аныктап чыккан. Иликтөөлөрдө аты аталган Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов камалып, мамлекетке 2 млрд. сом төгүп кайра бошотулган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG