Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Январь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 10:17

"Господин комузчу"


Комузчулар ансамбли, 1950-жылдар.

Бир ирет Маданият министрлигине барганымда мурда филармонияда оркестрде иштеп кеткен ардагер музыкант таанышыма жолугуп ал-акыбалды сурашып калдым. Ал пенсиясы аздыгына, маданият тармагы каралбай калганына кейип-кепчип арманын айтып бүтө алчудай эмес. Эс алуу багындагы отургучта орун алдык.

- Господин келатат,- деп калды.

Карасам, колуна газетаны бүктөй кармап чыкыйган бир киши биз тарапка басып келаткан экен. Аны менен учурашып, бир аз туруп узатып коюп кайра келди.

-Кайран талант, кезинде атагы дүңгүрөп турган. Карабайсыңбы, бу дагы карып баратканбы, көзүм начар көрүп, кулакты кудай алып баратат дейт. Тааныйсыңбы?

- Жок,- дедим ыңгайсыз болуп.

- Ой бул сенин агаң болот, атактуу комузчу, обончу "господин Бейшеке Жандаров" деген ушу, - деди отургучка чалкалай.

- Жандаров байке ушу турбайбы... Чыгармаларын билем, а эмнеге господин?

- Бейшекем Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде солист, комузчу болчу. "Көкөй кестини" укмуш чертчү. Союз мезгилинде ал оркестр көп чет мамлекетке барып өнөр көрсөткөн. Ошондой чет өлкө сапарлардын биринде концерттен кийин бир журналист Бейшекеме келип "господин Жандаров, интервью берип коюңуз" деп микрофон сунат. Анда Бейшекем "Фрунзеде үй-жайы жок жүрсөм, кайдагы господин таңкөрү, менден интервью албай эле койчу" деп баш тартат. Ошентип биз Фрунзеге (азыркы Бишкек) келгенде Бейшекемди партчиновниктер, КГБ "төө бастыга" алып чет өлкөгө чыгуусуна тыюу салган. Ошондон кийин Бейшеке абдан чүнчүп кеткен, - деди ал.

Бейшеке Жандаров жалындаган жаш кезинен баштап өзүнүн бактысын улуу комузчулар Карамолдо Орозовдун, Токтогул Сатылгановдун, Атай Огомбаевдин, Ыбырай Тумановдун залкар күүлөрүн чертүүдөн издейт. Жаш шайыр 1953-жылы Бишкектеги Муратаалы Күрөңкеев атындагы кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын босогосун аттайт. Эл аспаптар бөлүмүндө профессор Асанбек Асакеевдин классында окуйт.

2-курстан Кыргыз улуттук филармониясынын Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде иштей баштайт. Ошентип ал окуп да, иштеп да күндөн күнгө комузга, күүгө болгон сүйүүсү баштагындан да жалбырттай жанат. Комузчу, обончу, аткаруучу катары калың элге таанылды.

Бейшеке Жандаровдун жээни азыр Кеминдин Ильич айылында жашаган, жашы сексенди таяп калган Айнакан апа:

"Бейиши болгур Бейшеке таякем бетке чабар, өзүнүкүн бербеген, айтканынан кайтпаган мүнөзү бар эле. Кийинчерек үй-бүлөсүндө да өйдө-ылдый болуп, шаарды таштап Кеминге - Быстровкадагы маданият үйүндө, музыкалык мектепте иштеп калды", - деп эскерет.

"Бейшен мектепте окуп жүргөндө эле комуз чертчү. Классыбыз менен концерт даярдап майрамдарда, салтанаттуу күндөрдө концерт берчүбүз. Ошондо эле аябагандай уюштуруучулук жөндөмү бар бала болчу. 1954-жыл болсо керек, Фрунзеге окууга кетти кийин атактуу комузчу, обончу болбодубу. Анын "Кызыл гүл" деген ырын мен ырдап кыргыз радиосунун алтын фондуна жаздырганбыз" -деп классташы, 82 жаштагы Фатима Абдымомунова сыймыктануу менен эскерди.

"Комузду Бейшекедей мыкты ойногон комузчуну жолуктура элекмин",- деген профессор Асанбек Асакеев.

Бейшеке Жандаров музыкалык окуу жайда окуп жүргөндө эле Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестрине ишке алынган. Оркестр менен Асанбек Кыдырназаровдун "Кыргыз көчүн", "Көкөй кестини" аткарып мыкты комузчулугун көргөзөт. Атайдын "Ак тамак, көк тамагына" жан киргизип, Шекербек Шеркуловдун, Карамолдонун күүлөрүн эл арасына жайылтканга салымы зор болгон.

1980-жылдардын соңунда айылдагы мектепте таанымал комузчу ийрим түзгөнүн угуп, сураштырсам ал атактуу обончу аткаруучу Бейшеке Жандаров экен. Чынында ишенген жокмун. Кантип эле Жандаров ушул мектепте иштеп калсын деп ойлодум. Убактысын болжоп, мектепке барсам актовый залында комуздун добушу чыгып жатат. Баш багып калдым. Комузун токтотуп:

- Кел жигит, кайдан? Кимди издеп жүрөсүң? - деп шектүү карады. (КГБ деди окшойт).

Мен ушул айылдан экенимди, атайы учурашканы келгенимди, Нарын театрында иштеримди, Асанбек Асакеев агайдан окуганымдан бери айтып жибердим. Ошондо жай отуруп өткөн-кеткенди кенен сүйлөшкөнбүз.

- Агай, элдик ырга айланган "Айылдын ары жагынан" деген ырыңызды кайсы айылдан чыгардыңыз эле?-дедим кепке тартып.

- А-а, ал "Сагынуу" деген ыр. Кайдан чыгармак элем, Фрунзеде эле. Ушул Кичи-Кеминдин сай тарабындагы колхоздун калың алма багы бар эмеспи. Май айында гүлдөгөндө бир укмуш керемет кооз жер болуп калат. Мына ошону эстеп, жаштык кезден бир элес катары эргип чыгаргам. Текстин өзүм чиймелеп, анан белгилүү акын Какен Алмазбеков кыябына келтирип берген. Ошентип сөзү менен обону төп келип эл оозунан түшпөй калды.

Анын "Сагынуу" ырынын тексти:

Айылдын ары жагынан,

Алмалуу колхоз багынан.

Кеч курун иштен тең кайтып,

Келаткан күндү сагынам.

Алыстан суунун шарынан

Айтылып сырлар абыдан,

Ар дайым бирге болууга,

Антташкан күндү сагынам.


Жаштыктын ошол чагынан,

Кеталбай алыс жанынан.

Кылчактап улам кайрылып,

Коштошкон күндү сагынам.

Жаштыктын ошол чагынан,

Тең татып өмүр балынан,

Колунан кызыл гүл алып,

Коштошкон күндү сагынам.


Сагынам жаным сагынам,

Алыссың кантем жанымдан.

Сүйгөнүн эстеп сагынуу,

Эң кыйын экен баарынан.

Алгач бул ырды Зейнеп Шакеева ырдап чыгып, элдик ырга айланат.
1980- жылдарда Кичи-Кемин мектебинин директору Койсун эже:

"Атактуу комузчу, обончу Бейшеке агай музыка сабагынан мугалим болсомбу деп келиптир. Музыка сабагынан мугалимдин штаты бош эмес болчу, анан мектепте комуз ийримин уюштуруу боюнча макулдашып, агайга шарт түзүп бердик. Комузга кызыккан окуучулар көбөйдү, комуз үйрөнгөндөр мындан көп болду",-деп кеп салган.

2006-жылы жазга маал агай дүйнө салып, сөөгү Кеминдин Ильич айылына коюлган. Ошондой атактуу киши менен иштегенине мектептин жамааты биз абдан сыймыктанчубуз. Ильичтеги жээни, жашы сексенди таяп калган Айнакан апанын айтымында, Жандаровдун бала-бакырасы өз турмуштары менен Бишкекте.

Кесипкөй музыка иликтөөчүлөрдүн баамында, Жандаров залкар күүлөрдү так, даана түп нускаларындай таза чертүү менен айырмаланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG