Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:09

Батыш Путиндин дооматын четке какты


Украинанын аскерлери Донецк аймагындагы аскердик машыгуу өткөрүп жаткан учур, 23-декабрь 2021-жыл.
Украинанын аскерлери Донецк аймагындагы аскердик машыгуу өткөрүп жаткан учур, 23-декабрь 2021-жыл.

АКШ менен Украина орус президенти Владимир Путиндин "Киев Украинанын чыгышында аскердик операцияга даярданып жатат" деген мүнөздөгү билдирүүсүн четке кагышты.

Орус президенти Владимир Путиндин 23-декабрдагы маалымат жыйынында айткан бир топ сөздөрү Батыш өлкөлөрүндө жана Украинада айыптоого туш болду.

Вашингтон менен Киев Путиндин украин тарап Донбасста аскердик операцияга даярданып жатканы тууралуу билдирүүсүн дароо четке какты.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки орус-украин чегиндеги чыңалууга Орусиянын аракеттери гана себеп болуп жатканын белгиледи.

"Украина менен Орусиянын чек арасында биз күбө болгон бир гана агрессия бар. Ал орус тараптын аскерлерин топтоп жатканы жана орус лидеринин кастык маанайдагы риторикасы", - деп билдирди бейшемби күнү Жен Псаки.

Ал Түндүк атлантикалык аскердик альянс же НАТО коргонуу максатын көздөгөн уюм экенин, анын башка бир максаты бар экенин күбөлөгөн эч кандай далил жоктугун кошумчалады.

Украин бийлиги жикчил күчтөргө каршы эч кандай операция пландалбаганын билдирүүдө. Украинанын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Олег Николенко да Путиндин айткандары суу кечпей турганын белгиледи.

Орусия талап кылган кепилдик

Соңку бир канча жумадан бери АКШ, НАТО жана Киев Украинага жакын аймакта жүз миңдей орусиялык аскерлер топтолуп турганына тынчсыздануусун билдирип, Москва жакынкы айларда Украинага кол салышы мүмкүн экенин эскертип келет.

Орус президенти Владимир Путин маалымат жыйынында, 23-декабрь 2021-жыл.
Орус президенти Владимир Путин маалымат жыйынында, 23-декабрь 2021-жыл.

Путин бейшембидеги маалымат жыйынында тескерисинче Киев менен Батыш өлкөлөрүнө доомат арткан.

"Алар [Донбасста] үчүнчү аскердик операция даярдап жаткандай таасир калтырат. Бизге азыртадан эле "кийлигишпегиле, бул адамдарды коргобогула, коргой турган болсоңор кандайдыр бир жаңы санкциялар болот" деп эскертип жатат. Балким даярданып жатышкандыр. Биз буга көңүл бурушубуз керек жана ал жөнүндө ойлонуп, бир нерсе кылышыбыз керек", - деп билдирген ал.

Путин Москва согушту каалабай турганын, бирок жаңы жаңжал тутанса, ага Киев менен Батыш жооптуу болорун кошумчалаган. Ошондой эле Батыш "НАТО чыгышка карай кеңейбейт" деп сөз бергенин, бирок ал убада аткарылбаганын, эми Батыш "токтоосуз түрдө кепилдик" бериши керек экенин баса белгилеген.

Буга чейин Орусия АКШга жана НАТОго "коопсуздук кепилдигинин" өз вариантын сунуш кылган. Ал келишимдин долбоорунда Түндүк атлантикалык аскердик альянс өз курамына "Украина жана башка мамлекеттерди кошпой, Украина, Кавказ жана Борбор Азияда аскердик аракеттерге барбай, чек арага жакын аймактарда машыгууларды өткөрбөшү керек" деп жазылган.

Батыштын эскертүүсү

Путин бул маселе боюнча январь айында Женева шаарында АКШ менен сүйлөшүүлөр өтөрүн маалымат жыйынында айтты.

АКШ администрациясындагы атын атабаган расмий жетекчи Вашингтон Москва менен сүйлөшүүлөргө даяр экенин, бирок Орусиянын айрым талаптары кабыл алынгыс экенин билдирди.

Украин президенти Владимир Зеленскийдин Донбасстагы Орусия колдогон жикчилдер менен күрөшүп жаткан украин аскерлери менен жолугушуусу, 6-декабрь 2021-жыл.
Украин президенти Владимир Зеленскийдин Донбасстагы Орусия колдогон жикчилдер менен күрөшүп жаткан украин аскерлери менен жолугушуусу, 6-декабрь 2021-жыл.


"Эгер Орусия учурдагы аракетин уланта берсе, биз жана биздин өнөктөштөр Орусиянын экономикасына зыян алып келе турган катаал чараларды көрүүгө жана алар каалабай турган нерселерди алып келүүгө, НАТОнун мүмкүнчүлүктөрүн азайтпай, тескерисинче көбөйтүүгө, Орусия тараптан алыстабай, тескерисинче жакын келүүгө даярбыз", - деп билдирди ал жетекчи.

Орус-украин чек арасындагы чыңалган кырдаалды 23-декабрда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Улуу Британиянын башкы дипломаты Элизабет Трасс менен талкуулады. Расмий маалыматка ылайык, алар Орусиянын Украинага каршы агрессиясына биргелешип чара көрүүнү макулдашты.

"Украина Орусиянын чагымчылдыгына жана агрессиясына кубаттоого татырлык сабырдуу мамиле кылууну улантууда", - деп айтты Трасс.

Бул сүйлөшүүдө Трасс НАТО коргонуу максатын көздөгөн уюм экенин кайталап, Орусия Украинага чабуул кое турган болсо, ал "чоң стратегиялык ката" кетирген болорун, өнөктөш мамлекеттер Орусияга жапырт санкция саларын эскертти.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG