Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:17

Орусия Google компаниясын миллиондогон доллардык айыпка жыкты


Google компаниясынын логотиби.
Google компаниясынын логотиби.

24-декабрда Москванын соту Google компаниясына Орусияда тыюу салынган маалыматты өчүрбөгөнү үчүн болжол менен 7,2 миллиард рублдук (98 миллион АКШ доллары) айып пул салды.

Орусиянын "Интерфакс" жана ТАСС баштаган мамлекеттик маалымат агенттиктери жазгандай, айып пулдун так суммасы жок. Штрафтын көлөмү компаниянын Орусиядагы бир жылдык кирешесине жараша аныкталат.

Орус мыйзамдарына ылайык, мындай айып пул салынган компаниялар жылдык кирешесинин 5-10% мамлекетке төлөп бериши керек. Орус медиасы билдиргендей, 2020-жылы Google компаниясынын Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн кирешеси 85 миллиард рублдан ашкан.

Маалыматка ылайык, YouTube порталындагы митингге чыгууга чакырган билдирүүлөрдү өчүрбөгөнү үчүн Google компаниясына кирешеге негизделген айып пул салынары тууралуу протокол октябрь айында эле түзүлгөн. Ушундай эле айып Facebook социалдык түйүнүнө ээлик кылган Meta Platforms компаниясына тагылган.

Президент Владимир Путин чет өлкөлүк интернет компанияларынан Орусиянын ичинде өкүлчүлүктөрүн ачууну жана орус жарандары тууралуу маалыматты өлкөнүн аймагында сактоону талап кылып келет. Бир катар адистер орус бийлиги бул жол менен интернетке көзөмөлүн күчөтүп, сынчыл көз караштагы адамдарды куугунтуктап жатканын айтышууда.

Буга чейин Орусияда бир катар чет өлкөлүк социалдык түйүндөр орус бийлигинин талабын аткарбаганы үчүн миллиондогон рублдук айыпка жыгылган. Бирок аларга миллиарддаган рублдук айып пулдар салына элек болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG