Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:12

Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал салыштырмалуу тынч


Баткен районундагы Көк-Таш айылы.
Баткен районундагы Көк-Таш айылы.

УКМКга караштуу Чек ара кызматынын маалымат бөлүмү кабарлагандай, 25-декабрдын кечине карай кыргыз-тажик чек арасында кырдаал салыштырмалуу тынчыды.

Чек ара кызматы тараткан билдирүүгө ылайык, 25-декабрда саат 14.30дарда Лейлек районунун Сай аймагынын тушунда Тажикстандын чек арачылары өз бекетинин аймагына миномет жайгаштырган. Ошондой эле Кыргызстандын Дамба жана Максат айылдарынын тушунда тажик аскерлеринин топтолгону байкалган.

Андан тышкары саат 19.30дарда Ош-Баткен-Исфана автожолунун Көк-Таш айылынын Эки-Таш аймагында Тажикстандын 3-4 жараны кыргызстандыктардын төрт машинесине таш ыргыткан. Андан автоунаалар жабыркап, эч ким жаракат алган эмес. Окуя болгон жерге барган «Көк-Таш» чек ара бекетинин башчысы эскертүү ирээтинде үч жолу асманга ок чыгарган. Андан соң тажик жарандары качып кеткен.

Чек ара кызматынын маалымат бөлүмү билдиргендей, окуядан кийин Эки-Таш аймагында Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара бекеттеринин башчылары жолугушту. Тажик тарап окуяга катыштыгы бар адамдарды издеп жатканын билдирди. Эскалацияга жол бербөө максатында Баткен чек ара кызматынын башчысы жана УКМКнын Баткен облусундагы башкармалыгынын жетекчиси окуя болгон аймакка барды.

Окуя болгон тилкедеги чек арачылардын тобу күчөтүлгөн режимге өткөрүлгөнү маалым болду.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо анын 519 чакырымы такталган, калганы тактала элек. Быйыл жазында эки өлкөнүн чек арасында куралдуу жаңжал болуп, андан ондогон адамдын өмүрү кыйылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG