Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:23

Москва соту Фейсбукту 1,9 млрд. рубль айыпка жыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Москванын соту Орусияда тыюу салынган маалыматтарды өчүрбөгөнү үчүн Meta, мурдагы Facebook компаниясын 1,9 млрд. рубль доого жыкты. Бул тууралуу "РИА Новости" агенттиги билдирди.

Чечим чыкканга чейин Фейсбуктун айыбы 106 млн. рубль болчу. "Интерфакс" агенттиги өз булагына таянып, сот айып пулдун суммасын компания Орусиянын аймагында тапкан пайдасына жараша аныктаганын жазды.

5-октябрда Роскомнадзор мекемеси "Метанын" жетекчилигинен Орусияда тыюу салынган тогуз маалыматты Фейсбук жана Инстаграмдан бир сутканын ичинде алып салууну талап кылган.

24-декабрда Москванын соту Google компаниясына Орусияда тыюу салынган маалыматты өчүрбөгөнү үчүн болжол менен 7,2 миллиард рублдук (98 миллион АКШ доллары) айып пул салды.

Орусиянын "Интерфакс" жана ТАСС баштаган мамлекеттик маалымат агенттиктери жазгандай, айып пулдун так суммасы жок. Штрафтын көлөмү компаниянын Орусиядагы бир жылдык кирешесине жараша аныкталат.

Орус мыйзамдарына ылайык, мындай айып пул салынган компаниялар жылдык кирешесинин 5-10% мамлекетке төлөп бериши керек. Орус медиасы билдиргендей, 2020-жылы Google компаниясынын Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн кирешеси 85 миллиард рублдан ашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG