Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:43

New York Times: Пентагон орус-украин чек арасындагы маалыматтарын Украинага берет


Орус-украин чек арасына жакын жердеги Погонов аскер полигону. Воронеж облусу, Орусия.
Орус-украин чек арасына жакын жердеги Погонов аскер полигону. Воронеж облусу, Орусия.

АКШнын Коргоо министрлиги орус-украин чек арасындагы чалгындоо маалыматтарын Украинага берет. Бул расмий Киевге Орусиянын ыктымал кол салуусуна даяр турушуна шарт түзөт. Бул тууралуу New York Times ишенимдүү булактарына шилтеп жазды.

Ага ылайык, маалыматтардан Орусия аскерлеринин кыймылы көрүнүп турат, бул алардын украин чек арасына жакындап келе жатканын аныктоого мүмкүнчүлүк берет.

Пентагондун адистери аз убакыт мурда Украинага барып, абадан коргонуудагу муктаждыктарын баалап келишкенин мекеменин басма сөз катчысы Жон Кирби билдирди. "Америка абазы" радиосу АКШ Украинага танктарга каршы Javelin ракетасын бергенин маалымдады.

Апта башында New York Times АКШ жана Британия Украинага Орусия тараптан киберчабуулдардын алдын алууга көмөктөшүүчү эксперттерин "тымызын" жибергенин жазган.

АКШ жана батыш өлкөлөрү Орусия Украианага чабуул коет деп кабатыр. АКШ чалгын кызматы учурда орус-украин чек арасында 100 миңге чамалуу аскер турганын билдирген.

Декабрдын башында Орусия президенти Владимир Путин менен АКШ лидери Жо Байден видеосаммитте жолугушкан. Байден Москвага Украинага чабуул кылса күтүлүп жаткан санкциялар тууралуу эскерткен. Путин Байденге НАТОнун Украинага чейин кеңейтилишин кабыл албай турганын билдирген. Ал эми альянстын жетекчилиги Орусия НАТОго жаңы мүчөлөрдүн киришине тоскоолдук кылууга укугу жок деп эсептейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG