Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:20

АКШ Украинага 30 Javelin-комплексин жеткирди


АКШнын танкка каршы Javelin ракеталык-комплекси.
АКШнын танкка каршы Javelin ракеталык-комплекси.

Америка Кошмо Штаттары октябрда Украинага танкка каршы 30 даана Javelin ракеталык жабдуу комплексин 180 огу менен өткөрүп берген. Бул тууралуу ТАСС агенттиги АКШнын Коргоо министрлигинин өкүлү, подполковник Антон Семелротко таянуу менен билдирди.

Пентагондун басма сөз катчысынын айтымында, бул жабдуулар Украинага 60 миллион долларлык жардамдын бир бөлүгү катары жеткирилген.

Жалпысынан 2021-жылы АКШ Украинанын "коопсуздугун чыңдоого" 450 миллион доллар бөлгөн.

Крым аннексияланып, Донбасста жаңжал чыккандан кийин АКШ администрациясы көпкө чейин Украинага курал-жарак берген эмес. Аларды жеткирүү бир нече жыл мурун гана башталган. Вашингтон куралдарды чыр чыккан аймакта коргонуу максатында гана колдонсо болорун баса белгилейт.

Орусия Кошмо Штаттардын украин аскерлерине курал-жарак жана ок-дарыларды жеткириши Украинаны Орусия колдогон жикчилдерге каршы агрессивдүү аракеттерге түртүшү мүмкүн деп эсептейт.

Javelin ракеталык жабдуу комплексинин соңку партиясы Украинага орус-украин чек арасындагы абал курчуй электе жеткирилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG