Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:16

Amnesty International: төрт казакстандык активист тыңчылык программа аркылуу аңдылган


"Оян, Казакстан" жаш активисттер полиция имаратынын алдында Темирлан Еңсебекти колдоо акциясын өткөрүүдө. Май 2021
"Оян, Казакстан" жаш активисттер полиция имаратынын алдында Темирлан Еңсебекти колдоо акциясын өткөрүүдө. Май 2021

Эл аралык Amnesty International (AI) укук коргоо уюму Казакстандагы төрт жарандык активисттин чөнтөк телефондоруна израилдик NSO Group компаниясы иштеп чыккан Pegasus тыңчылык программасы киргизилгенин аныктаган. Бул тууралуу аталган уюм 10-декабрда билдирди.

Эл аралык Мунапыс уюмунун коопсуздук лабораториясы тогуз казакстандык активист менен укук коргоочунун чөнтөк телефондорун соттук-медициналык экспертизадан өткөрдү. Анын ичинен бул техникалык лаборатория төрт адамдын мобилдик аппаратына Pegasus шпиондук программасы жүктөлгөнүн тастыктай алды.

Жабырлануучулардын үчөө - жарандык активисттер Тамина Оспанова, Димаш Алжанов жана Айзат Абилсейит Apple компаниясынан 24-ноябрда "бийликке иштеген хакерлер" алардын мобилдик аппараттарына "чабуул" жасашы мүмкүн деген эскертүү алышкан.

Apple бул эскертүүнү NSO Group компаниясынын Pegasus тыңчылык программасы бутага алышы мүмкүн деп эсептеген адамдарга жөнөттү. Мыйзамсыз тыңшоонун төртүнчү курмандыгы Дархан Шарипов мындай эскертүү алган эмес.

Мунапыс уюмунун билдирүүсүндө айтылган адамдар "Казакстанда Pegasus тыңчылык программасынын көзөмөлүнө дуушар болгон активисттер менен укук коргоочулардын аз гана бөлүгү болушу мүмкүн" деп болжолдойт.

Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан укук коргоо уюму бутага алынгандардын баары “Оян, Казакстан” коомдук жаштар кыймылына тиешелүү экенин айтты. Изилдөө учурунда төрт активисттин тең мобилдик түзмөктөрү шпиондук программа жүктөлгөнүн байкоо 2021-жылдын июль айына чейин жүргүзүлгөн.

"Бул активисттердин телефондорунун мыйзамсыз хакердик чабуулу алардын жеке жашоосуна болгон укугун гана эмес, сөз эркиндигин жана тынч жыйындарга чогулуу укугун да бузат. Казак бийликтери бул электрондук чабуул боюнча тыкыр жана ачык иликтөө жүргүзүп, активисттердин мыйзамсыз изине түшкөндөрдү жоопко тартышы керек”, - дейт Эл аралык Мунапыс уюмунун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча директору Мари Струтерс.

Июль айында Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту изилдөө борбору (OCCRP) жетектеген медиа уюмдарынын тобу кибер тыңчылык боюнча ири изилдөөсүн жарыялаган. Ага ылайык, Казакстандын жогорку даражалуу чиновниктери мыйзамсыз тыңшалганы аныкталган.

Казакстанда айрым аткаминерлер бул изилдөөнү “далилсиз, интригалуу маалымат” деп атаганга аракет кылышкан.

Тыңчылык программасын иштеп чыккан израилдик Pegasus компаниясы мыйзамсыз тыңшоолор тууралуу изилдөөнү четке какты. Алардын айтымында, бул продукт кылмышкерлерге жана террористтерге каршы гана колдонулат жана адам укуктарын сактаган абройлуу атайын кызматтарга гана берилет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG