Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:03

Улуттук олимпиада комитетинин президентин шайлоо өтүүдө


Улуттук олимпиада комитетинин башкы ассамблеясынын жыйыны. 10-декабрь, 2021-жыл.
Улуттук олимпиада комитетинин башкы ассамблеясынын жыйыны. 10-декабрь, 2021-жыл.

Бүгүн, 10-декабрда Бишкекте Улуттук олимпиада комитетинин башкы ассамблеясы өтүп жатат.

Анын алкагында Улуттук олимпиада комитетинин президентин, вице-президенттерин жана аткаруу комитенин мүчөлөрүн шайлоо өтөт. Олимпиада комитетинин президенттигине Кыргызстандын ат спорту федерациясынын президенти Садыр Мамытов жана “Келечек” олимпиадалык академиясынын башчысы Болот Мотукеев талапкерлигин койгон.

Мурдагы жетекчи Шаршенбек Абдыкеримов 23-ноябрда саламаттыгына байланыштуу иштен кеткен. Анан милдетин биринчи вице-президент Канат Аманкулов аткарып келген. Ал 9-декабрда өз ыктыяры менен кызматын тапшырып бергени жыйында белгилүү болду.

Декабрдын башында Саламат Эргешов да Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы кызматынан кетүү тууралуу арыз жазган. (GT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG