Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 10:21

Прокурор: Сокулуктагы Аксакалдар сотунун чечими мыйзамсыз


Сокулуктагы Аксакалдар соту катышкан элдик жыйын, 7-декабрь, 2021-жыл.

Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө караштуу Исмаил айылынын "кыз зордуктады" деген шек менен камалган тургунунун жакындары айылдан убактылуу чыгып кетүүгө аргасыз болушту. Учурда бул үй-бүлөнүн сегиз мүчөсүнүн, алардын айылдагы бош калган үйүнүн коопсуздугу милициянын көзөмөлүндө.

Бул тууралуу Сокулук районунун прокурору Орозбек Бердибаев "Азаттыктын" Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн аймагында болгон окуянын чоо-жайы тууралуу суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

- Кыз зордуктады деп шектелип камалган Исмаил айылынын тургунунун үй-бүлөсү башка жакка көчүп кеткени кабарланды. Бул чынбы?

- Бул үй-бүлө өз коопсуздугун сактоо үчүн чыгып кетти.

- Буга аксакалдар сотунун чечими негиз болдубу?

- Аксакалдар соту тарабынан чечим элдин басымы менен кабыл алынды деп эсептейм. Себеби, эл ошондой талап койгондуктан, аксакалдар соту "үй-бүлөсү менен үч күндүн ичинде айылдан чыгып кетсин" деген чечимди 7-декабрда чыгарып атат. Бул мыйзамсыз чечим. Үй-бүлөгө аксакалдар сотунун чечими мыйзамсыз экени, алар каалаган жерде жашоого укуктуу экени тууралуу ички иштер кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 5-декабрдан баштап милиция кызматкерлери алардын коопсуздугун коргоп жүрүшкөн. Үйүн күйгүзүп ийебиз деген сөз тараганда ал жерге сакчы коюлган. Ошого карабай, өздөрүнүн коопсуздугу үчүн чыгып кетишиптир.

- Кайда көчүп, кайда жайгашканы тууралуу маалымат барбы?

- Биротоло көчүп кеткен эмес. Бишкек шаарына убактылуу жашоого чыгып кеткени тууралуу маалымат бар. Үй-бүлө мүчөлөрү сегиз адам экен. Алардын жана бекитип кеткен турак жайынын коопсуздугу корголууда.

- Кылмышка шектелген адам үчүн жакындары жооп бербейт да. Аксакалдар сотуна мыйзамсыз чечими үчүн кандай чаралар көрүлөт?

- Туура, кылмыш жасаган адам өзү гана жооптуу. Аксакалдар соту тууралуу мыйзам бар. Анда "мыйзамда каралбаган таасир көрсөтүү чаралары колдонулган учурда андай чечим мыйзамсыз деп эсептелинет жана аткарууга жатпайт" деп көрсөтүлгөн.

Мыйзамдын 15-беренесинин талаптарына ылайык, аксакалдар соту жети гана учурда ишти кароого укуктуу. Алар: үй-бүлөлүк, мүлктүк талаш-тартыштар, ата-энелердин балдарын жана башка үй-бүлө мүчөлөрүн багып-тарбиялоо милдеттери, бойго жеткен балдардын эмгекке жарамдуулугу, эмгек келишимдерине тиешелүү аласа-бересе, жер участокторун пайдалануу боюнча талаш-тартыш, коркунучтуулугу аз кылмыштар боюнча, үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу адамдын жосунунда коркунучтуу курам болбогон учурда.

Бул маселелерди кароо жыйынтыгы боюнча беш эле чечим кабыл алынат. Алар: эскертүү берүү, кечирим суроого милдеттендирүү, коомчулук алдында уяткаруу, материалдык зыяндын ордун толтурууну күнөөлүү тарапка милдеттендирүү, үч айлык төмөнкү өлчөмдөгү акчалай жаза пул салуу.

- Айылдык жыйынга чогулгандардын арасында бир нече жыл мурда да бир үй-бүлөнүн күчтөп көчүрүлгөнү айтылды. Эксперттер мындай көрүнүштөр мамлекеттин укуктук системасына доо кетирет деп жатышат. Бул өнөкөткө айланып кетпеш үчүн кандай аракеттер жасалат?

- Бул боюнча жергиликтүү айыл өкмөт, ички иштер бөлүмү, прокуратура менен биргеликте жер-жерлерде эл менен жолугушуп, алдын алуу иштерин жүргүзүшүбүз керек. Буга чейин райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы менен кылмыш иштер эмне үчүн көбөйүп жатканы тууралуу сүйлөштүк. Көп зордуктоолор караңгы жерде болот. Сокулук району боюнча жарыктандыруу начар.

- Жабырлануучу тараптын таламын талашкан айылдыктар кылмышка шектүүнүн үй-бүлөсүн көчүрүп салуу талабын аргасыз коюп жатканын, укук коргоо органдарына ишеним жоктугун айтышууда. Эмне үчүн эл прокуратурага, сотко, милицияга ишенбей жатат?

- Ишенич бар деп эле ойлойм. 5-декабрда эртең менен арыз түшкөндөн баштап тергөө тобу ыкчам иштеп, түшкү саат бирде кылмышка шектүүнү таап (керебеттин астына жашынып алган), камакка алып, соттук-медициналык экспертиза (колун кыз тиштеп алган) дайындалды. Кызга (ал азыр ооруканада) байланыштуу да соттук-медициналык, биологиялык, соттук-психологиялык жана башка экспертизалар дайындалды. Экспертизага бир ай, өзгөчө оор кылмыш иштерин тергөөгө эки айлык мөөнөт бар. Буюрса тез арада тергеп бүтүп, сотко өткөрүүгө аракет кылам.

- Кылмышты жашыруу үчүн кызды өлтүрүү аракети болгон деген божомол айтылып атпайбы. Муну тергөө эске алып атабы?

- Бул боюнча да тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Жазык кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүмүнүн 14-пунктунда "башка кылмышты жашыруу же аны жасоону жеңилдетүү үчүн адам өлтүрүүгө аракет жасагандыгы боюнча айып угузулат" деп турат. Эгер айтылып жаткан божомол аныкталса, бул берене да кошумча коюлуп, соттук кароого эки берененин негизинде жөнөтөбүз. (Буга чейин кылмышка шектүүгө Жазык кодексинин 154-беренеси ("Зордуктоо") боюнча айып тагылган-ред.).

- Бул адам мурда да ушундай эле зордуктоо фактысы менен жоопко тартылганы айтылууда. Мунун чындыгы барбы?

- 2010-жылы ага каракчылык, автомобилдик укукту ээлеп алуу жана зордуктоо фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тергелип, Сокулук райондук соту тарабынан алты жыл жаза чектелип, бирок эки жылга шарттуу соттолгон. Бул боюнча да өкүмдөрдү суратып жатабыз, аны да тактап, кайра териштиребиз.

- Соттолгон адамдарды укук коргоо органдары көзөмөлдөшү керекпи? Өспүрүм кызды зордуктоо фактысын милиция алдын алса болот беле?

- Чынын айтсам жашы жете элек кыз ресторанда иштейт экен. Ага ата-энеси да, ресторан да укук берип атат. Бул туура эмес. 18ге жашы жете элек адам ал жерде иштебеш керек болчу. Кичинекей кыз кыштын күнү таңкы караңгыда, саат 5:45те аялдамада туруп, барып-келип иштегенине менин да боорум ооруйт.

- Бирок, соттолгон ал адам ошол учурда 16 жаштагы кызга кабылбаса башка дагы бирөөнө деле ушундай запкы көрсөтүшү ыктымал эле да. Каттоого алынабы соттолгон мындай адамдар?

- Каттоого алынат. Эгер эки жыл аралыгында кандайдыр бир кылмыш кылбаса кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат. Мыйзамда ошондой көрсөтүлгөн.

Сокулуктагы чыр: Аксакалдар сотунун талаштуу чечими
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:43 0:00

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG