Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:08

Жапаров бийлик элдин жашоосун жакшыртуу үчүн иштеп жатканын айтты


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-декабрда Министрлер кабинетинин жыл жыйынтыгы тууралуу отурумунда 2020-жылдын октябрь айынан тарта өлкөдө бийлик тарабынан жасалган иштер тууралуу маалымат берди.

Садыр Жапаров аткаруу бийлиги карапайым элдин жашоосун жакшыртуу үчүн иштегенин белгилеп, анын ичинде бюджеттик кызматкерлердин айлык акысын, пенсия жана жөлөк пулдун өлчөмү көбөйгөнүн, 112 миңден ашуун үй-бүлөгө электр энергиясы арзандатылганын айтты.

"Орточо пенсия азыркы учурда 6248 сом. 711 миңден ашуун пенсионердин жашоосун жакшыртуу боюнча Акылбек Жапаровдун сунуштары бар, буюрса аны ишке ашырабыз. Пенсия көбөйдү. Майыптыгы бар адамдардын жөлөк пулу 50-200 пайызга чейин көбөйдү. Тоголок жетим балдарга да жөлөк пул үч эсе көбөйдү. Февраль айынан тартып, 98 286 адамдын жөлөк пулу көбөйөт", - деди президент.

Мамлекет башчы элди турак жай менен камсыз кылуу максатында ипотекалык насыялардын үстөгү 4% ылдыйлаганын, айыл чарба насыялары 6% азайганын белгиледи.

Ушул тапта Министрлер кабинетинин жылдык ишинин жыйынтыгы тууралуу отурум өтүп жатат. Ага президент Садыр Жапаров төрагалык кылууда. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG