Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:08

Байден Украина тууралуу Путин менен сүйлөшкөнүн айтты


Жо Байден.
Жо Байден.

АКШ президенти Жо Байден ишембиде журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, Орусия Украинага кол салган учурда анын кесепети оор болоорун Владимир Путинге эскерткенин билдирди. Байдендин айтымында, сөз экономикалык кесепеттер жөнүндө болуп жатат.

Ал эми "эгерде Орусия кол салса, америкалык аскерлердин Украинага жиберилиши мүмкүнбү" деген суроого Байден “ал маселе эч качан талкууланган эмес” деп жооп берди.

Байден ишембидеги кайрылуусунда ондогон адамдын өмүрүн алып, бир нече штатты кыйраткан бороондун кесепеттери менен күрөшүү иштерине токтолду.

8-декабрда Байден орус президенти Владимир Путин менен видео аркылуу сүйлөшүп, украин-орус чек арасындагы соңку абалды талкуулаган.

Батыш Орусия бийлиги Украинанын аймагына бастырып кириши ыктымал деген кооптонуусун айтса, орус тарап андай планы жок экенин билдирүүдө.

9-декабрда Байден украин президенти менен бул өлкөнүн чыгышындагы абал боюнча туңгуюкка кептелген сүйлөшүүлөрдү кайра улантуу, Украинанын коопсуздугун камсыз кылуу, каржылык жана саясий колдоо көрсөтүү маселелерин талкуулады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG