Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:41

Бир мандаттуу округдан Сатыбалдиев, Төлөнов, Турсунбаев, Түмөнбаев депутат болуп шайланды


БШКнын имараты.
БШКнын имараты.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бир мандаттуу төрт шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өттү деп таап, жыйынтыгын расмий жарыялады.

Ага ылайык, № 12 Өзгөн бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Элмурза Сатыбалдиев;

№10 Куршаб бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Данияр Төлөнов;

№ 18 Ала-Бука бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Азизбек Турсунбаев;

№ 35 Ак-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Акылбек Түмөнбаев.

БШК жогорудагы шайлоо округдарынан бардык арыз-кайрылуу каралып чыгып, тийиштүү чечимдер кабыл алынганын билдирди.

Боршайком добуш берүү бүткөндөн кийин 20 күн ичинде (18-декабрга чейин) шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгарып, жеңүүчүлөрдү аныкташы керек. Шайлоо 28-ноябрда өттү.

Добуштар адегенде автоматтык эсептөөчү үкөктөрдө, андан кийин колго саналып, жыйынтыгы Боршайкомдун сайтына жарыяланды. Добуш берүү күнү Боршайкомдун сайтындагы маалымат системасы үзгүлтүккө учурап, жаңылангандан кийин айрым партиялардын добушу азайып кетип нааразылык жаралган.

Мындан кийин БШК добуштар кайра санала турган тилкелердин тизмесин бекиткен. Айрым округдар боюнча арыздангандар бар. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG