Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:43

Изилдөө: Орус жомокторунда терс сезимдер басымдуу


Иллюстрация. Балдарга жомок окуп берген учур.
Иллюстрация. Балдарга жомок окуп берген учур.

Испаниялык палеонтологдор жөө күлүк Усейн Болттон да ылдам чуркаган динозаврлар болгонун аныкташты. Иттер канча сөз түшүнөрү белгилүү болду. Орус жана америкалык жомоктордогу кызыктуу айырмачылыктар табылды. Алдыда узап бара жаткан аптадагы илим жаңылыктары.

Усейн Болттон тез чуркаган динозавр

Дүйнө окумуштууларынын жер бетинен жок болуп кеткен жаныбарларга, өсүмдүктөргө болгон кызыгуусу кызыктуу ачылыштар менен коштолуп отурат. Бул ирет испаниялык палеонтологдор дүйнөдөгү эң тез чуркаган ямайкалык жөө күлүк Усейн Болттон дагы ылдам чуркаган динозаврлар болгонун аныкташты.

Испаниянын Ла-Риоха аймагынан табылган байыркы динозаврлардын издери мындан 145-166 миллион жыл мурда жашаган тероподдорго, кархародонтозавриддерге же спинозавриддерге таандык экендиги белгилүү болгон. Ла-Риоха университетинин окумуштуулары табылган из аркылуу динозаврдын бутунун көлөмүн аныкташкан. Ага ылайык, динозаврдын бутунун узундугу 1 метрден бир аз көбүрөөк, ал эми бою 2 метрге жакын болгон. Бутунун, кадамынын көлөмү анык болгон соң, окумуштуулар анын ылдамдыгын да аныктай алышкан.

Натыйжа көрсөткөндөй, табылган издерди калтырган динозаврлар саатына 44,5 чакырым чуркай алышкан. Салыштыруу үчүн айта турган болсок, «дүйнөдөгү эң тез адам» атыккан Усейн Болт саатына 43,9 чакырым чуркап, дүйнөлүк рекорд койгон болчу.

Булак: Scientific Reports

Иттер канча сөз түшүнөт?

Дэлхаузи университетинин психология жана нейробиология факультетинин эксперттери Кэтрин Рив жана Софи Жак атайын тажрыйба жасашып, иттер канча сөз түшүнөрүн аныктап көрүштү. Алар ар кандай тукумдагы иттерди баккан 165 кишиге сурамжылоо жасашкан. Шарт боюнча, иттин ээлери үй жаныбарлары кандайдыр бир реакциясын көрсөткөн сөздөрдү, буйруктарды санап бериши керек болчу.

Натыйжада иттер «отур!», «жат!», «үнүңдү чыгар!» деген сыяктуу 89 сөздү түшүнөрү белгилүү болду. Ушул эле топтогу айрым иттер 200дөй сөз түшүнө алары аныкталды. Иттер түшүнгөн сөздөрдүн дээрлик жарымы буйрук сөздөр, ал эми калганы «күтүү», «дарылоо» деген сыяктуу жалпы сөздөр. Аларды эсептөөдө изилдөөчү топ ымыркайдын сөз байлыгын баалоо үчүн колдонула турган сөздөрдүн тизмесин пайдаланган.

Эң көп сөз түшүнө алган ит тукуму катары австралиялык жана немис овчаркалары, бордер-колли, кавалер-кинг-чарльз-спаниель, бишон фризе, чихахуа белгиленди. Эксперттер иттердин адамдардын вербалдык жана вербалдык эмес белгилерин түшүнүп, реакция жасоосу алардын эволюциялык тарыхындагы өз ара байланышынан улам экенин айтышат.

Булак: Applied Animal Behavior Science

Кайсы өлкөдө кандай жомок окулат?

АКШ менен Орусиянын психологдору орус жана америкалык балдардын, ата-энелердин жомок тандоодогу айырмачылыктарын, эки тараптагы эң белгилүү балдар адабиятын аныктоо максатында биргелешип изилдөө жасашты. Натыйжа көрсөткөндөй, бул тармакта маданий айырмачылык бар экендиги анык болду.

Изилдөөгө ишенсек, орус жомокторунда ачуулануу, кайгы жана коркуу сыяктуу адамдагы терс эмоцияларга басым жасалат. Ал эми америкалык ата-энелер балдарын минтип кыйноого жол беришпейт. Изилдөөчүлөр «эки элдин ортосундагы эмоционалдык жааттагы маданий айырмачылыктар мектепке чейинки куракта эле калыптана баштайт» дешет. Макаланын авторлорунун бири, Жоржтаун университетинин профессору Юлия Ченцова-Даттон «орус маданиятында бардык эмоциялар, анын ичинде терс эмоциялар дагы бааланат окшойт» деген пикирде. Ал эми дагы бир автор, Түндүк Каролина университетинин профессору Эми Хальберштадт «америкалыктар үчүн бактылуулук, намыскөйлүк сыяктуу оң эмоциялар баалуу. Анткени, биз бала кезибизде уккан бардык окуялар кийин кандай сезимдерди бааларыбызды аныктап коет», - дейт.

Мындай жыйынтыкка келүүдөн мурда изилдөөчүлөр эки баскычтан турган тажрыйба жасашкан. Изилдөөнүн биринчи баскычына 322 ата-эне катышып, алар балдарына окуп берген китептер кандай эмоцияларга негизделгенин баяндап беришкен. 322 ата-эненин 72си Америкада туулуп, ошол жерде жашагандар, 72си Орусияда туулуп, бирок Америкада жашагандар жана калган 178и Орусияда туулуп, жашагандар болчу.

Ал эми тажрыйбанын экинчи баскычында ар бир өлкөдөгү эң белгилүү мектепке чейинки балдар үчүн жазылган 40 китеп тандалып, бааланган. Оң жана терс эмоциялардын диапазонун билүү үчүн жалпы 80 китептин тексттери, иллюстрациялары анализденген.

Булак: Neuroscience N

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG