Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:15

Валентина Шевченко Ош шаарында машыгууларды өткөрөт


Валентина Шевченконун маалымат жыйыны. Ош.

UFC чемпиону, кыргызстандык Валентина Шевченко 12-декабрда Ош шаарына барды.

Ал Ошто журналисттерге маалымат жыйын уюштуруп, суроолорго жооп берди. Андан соң күйөрмандары менен жолугат.

UFC чемпиону Ошто эки күн болуп, спорт залдын ачылышына катышып, балдар үйүнө барып, күйөрмандары менен чогуу машыгат.

Валентина Шевченко UFC уюмунун аялдар арасындагы эң жеңил салмактагы чемпиондук наамын 2018-жылдын 9-декабрында польшалык Йоанна Ежейчикти жеңгенден кийин алган.

Андан бери алты жолу чемпиондук курун ийгиликтүү коргой алды. (DU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG