Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 14:10

Кан жолдогу кырсыктар 780 кишинин өмүрүн кыйды


2021-жылы катталган жол кырсыктарынын бири.

Быйыл Кыргызстанда жол кырсыктарынан 780 адам каза болуп, 10 миңден ашуун киши түрдүү жараат алды. Балдар аралашкан жол кырсыктарынын саны 43% өскөн.

Президент Садыр Жапаров 25-декабрда аткаруу бийлигинин жыл жыйынтыгына арналган жыйынында жол коопсуздугуна өзүнчө токтолуп, алдын алуу чараларын көрүүнү тапшырды. Айдоочулар болсо жол кырсыктарын кыскартуу үчүн комплекстүү чаралар зарылдыгын айтышат.

Оштун тургуну Муктаралинин досу жакында үй-бүлөсү менен баратып жол кырсыгына кабылып, алты жаштагы кызы чарчап калган. Ата-энеси болсо дагы деле ооруканада. Ал кырсыктардын азайбай жатканын ириде жемкорлуктан көрөт.

“Кечээ эле менин үйүмдүн жанынан машине дагы бирөөнү коюп кетти. Акыреги сынып ооруканада жатат. Автокырсыктардын көп болуп жатышына биринчи кезекте жемкорлук себеп деп айтмакмын. Айдоочулук күбөлүк, ылдамдыкты ашырганы, эрежени бузганы, спирттик ичимдик ичкени деле, техникалык талаптарга жооп бербеген автоунааларды айдап жүрүшкөнү деле жүрөт да. Андайларды көзөмөлчүлөр көрөт. Бирок жоопкерчилик жок. Менимче айдоочулук күбөлүктү берүүдө окутууну кайра карап чыгып, мөөнөтүн көбөйтүш керек, балким мектеп программасына киргизиш керекпи? Анан техниканы кароону да эске алыш керек. Мисалы, бизде бет келе турган жактагы чырактары өтө күчтүү болбойт. Ал эми Жапонияда эрежелери тескери болгондуктан, алардан келген автоунаалар каршы тилкедеги айдоочунун көзүн ала тургандай болот. Ушуга окшогон нерселерди карап, ар тараптуу чараларды кабыл алыш керек”.

Таласта 18-24-декабрда да жол кырсыгы катталып, төрт киши каза болду. Жыл башынан бери өлкө боюнча жол кырсыктарынан 780 адам кайтыш болуп, 10 миңден ашыгы түрдүү жараат алды. Айрыкча балдар аралашкан жол кырсыктарынын саны 43% өскөн.

Президент Садыр Жапаров 25-декабрда аткаруу бийлигинин жыл жыйынтыгына арналган жыйынында сүйлөп жатып жол кырсыктарына өзүнчө токтолуп, алдын алуу чараларын күчөтүүнү тапшырды. Негизинен айдоочулардын айынан бул жаатта терс аракеттер көп катталганын айткан президент "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу керектигине токтолду:

“Бирок мамлекетте "Коопсуз шаар" көзөмөл камералары орнотулган жерлерде укук бузуулар 30-40% чейин азайганын көрүп жатабыз. Демек, "Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи этабы өз жемишин берип жатканына байланыштуу аталган долбоордун экинчи баскычын толугу менен бүт республика боюнча тезинен ишке киришин колдоймун жана талап кыламын. Жол кыймылынын кырсыктарынын башкы себеби - айдоочулардын күбөлүктөрдү сатып алуусу же автомектептердин начар окутканы эле эмес, бул - бүтүндөй коррупциялык система, схема.”

Мурдагы жумада жол кырсыктарын азайтуу боюнча президент кол койгон жарлыкка ылайык, айдоочулук күбөлүк берүү, квалификациялык сынактарды өткөрүү, автомектептерге лицензия берүү Ички иштер министрлигинин колуна өттү.

“Унаа” мамлекеттик мекемеси да эми ушул министрликке карайт. Жол коопсуздугу боюнча маселелерди көтөрүп келаткан жарандык активист Урмат Казакбаев мындай деди:

“Жол кырсыктарын азайтыш үчүн биринчи инспекторлорду туура иштетиш керек. Ошондо гана тартип болот. Кайсы жерде көп кырсык болсо, ошол аймактарга камераларды орнотуп, инспекторлорду коюш керек. Эң чоң көйгөй – коррупция. Камераларды көп орнотсоң, ага акча бере албайсың. Демек, эрежени да сактайсың. Кызматкерлер болсо акча алып атат да. Айдоочулук күбөлүк берүү дагы башка бир топ ишти Ички иштер министрлигине өткөрүп салышты. Министрлик азыркы иши менен эч качан жакшылыкка алып барбайт. Айдоочулук күбөлүк берип, жол эрежесин көзөмөлдөп жетишеби же кылмыштуулук менен күрөшөбү?”.

Министрлер кабинетинин жыйынында ички иштер министри Улан Ниязбеков жол кырсыктарын азайтуу багытындагы иштер үчүн каражат зарылдыгын айтты:

“Жол кырсыктарына бөгөт коюу боюнча үч багытта иш башталды. Биринчиси - айдоочуларды даярдоонун сапатын жогорулатуу. Экинчи - жол эрежесин бузууларды жөнгө салган укуктук-ченемдик актыларды ирээтке келтирүү. Үчүнчү - жол кырсыктарынын санын азайтып, адам өмүрүнө коркунуч келтирген бардык учурларга бөгөт коюу. Ушулардын натыйжасында жол кырсыктарын азайтып, жол эрежесин тартипке келтиребиз деп ишендирип кетким келет. Белгилей кетчү учур, катталган жол кырсыктарына катышкан айдоочуларды үчкө бөлүп карасак болот. Биринчиси - бир жылга чейинки, экинчиси - бир жылдан эки жылга чейинки, үчүнчүсү үч жылга чейинки тажрыйбасы барлар. Буга чейин, айдоочуларды даярдаган 235 автомектепти текшерген учурда 135и талапка ылайык келбегендиги тастыкталган”,- деди Ниязбеков.

Жоболоңдуу жол кырсыктары күч алды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:53 0:00

Акыркы учурда жол кыймылын жана автоунааларды көзөмөлдөө боюнча киргизилген өзгөрүүлөргө сын айткандар да болду. Таксилерди каттоо, айдоочунун күбөлүгүн берүү милдетинин ички иштер министрлигине өтүүсү, жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө инспекторлорунун ишиндеги эрежелердин өзгөрүүсү бир топтон берки акырындап ишке ашып жаткан реформаларды жокко чыгарат деген пикирлер бар.

Кыргызстандагы жол кырсыктары арбын катталып жатканы буга чейин да тынбай айтылып, жазылып келет. Иликтөөлөр өлкөдө жол кырсыгынан күн сайын кеминде үч киши каза болорун көрсөткөн. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эсебинде, жыл сайын дүйнө жүзүндө жол кырсыктарынан 1,35 миллион кишинин өмүрү кыйылат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG