Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:07

“Жол кырсыгынын негизги себеби - коррупция”


Болот Ибрагимов.
Болот Ибрагимов.

Өлкөдө автоунааларды каттоого жана айдоочулук күбөлүк берүүгө жооптуу болгон "Унаа" мамлекеттик мекемеси Ички иштер министрлигине (ИИМ) берилгенин айрым серепчилер сындап жатышат.

Алардын бири жарандык активист, блогер Болот Ибрагимов аталган мекеменин ИИМге өтүшү менен паракорчулук күчөйт деген пикирин билдирди.

- Болот, сиз "Унаанын” ИИМге өтүшүн сындап чыктыңыз, сын-пикириңизди кыскача негиздеп берсеңиз.

- ИИМ буга чейин дагы көп жылдар бою айдоочулук күбөлүк берип келгенин билебиз. Ошондуктан азыркы учурдагы жол кырсыктарына, адам өлүмүнө ИИМ түздөн-түз күнөөлүү. Мыйзам чегинде жол кырсыктарынан кайсы бир айдоочу күнөөлүү. Бирок, маселени тереңирээк карасак, негизги күнөө ИИМде. Алар айдоочулук күбөлүктү каалагандай сатып , ушул абалга келдик.

- Азыр айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупция мындан дагы күчөйт деп ойлойсузбу?

- Ооба, мындан дагы күчөйт. Анткени ИИМдин кызматкерлери паракорчулукка жакын болушат. Маселен, жөнөкөй мамлекеттик кызматкер бир аз коркот. Ал эми күч органдары ири коррупциядан коркпойт.

- Айдоочулук күбөлүктөн сырткары, эми автоунааларды дагы каттоо жүргүзөт эмеспи.

- Ооба, сырттан келген автоунаалардын каттоодо дагы алардын шектүү схемалары бар. Алар мындай схемаларды түзүүдө адис болуп калышкан. Мен мындай айтам, ИИМге бир органды берген жок, ИИМге бир чоң схеманы, “чөнтөктү” өткөрүп берди.

- “Унаа” мамлекеттик ишканасы өзүнчө болуп турганда коррупция болгон эмеспи?

- Мен аларды таза деген жокмун. Канчасы пара менен кармалган, азыр дагы кармалып жатат. Бирок, аны жойбостон бир коррупциялык органды, экинчи андан дагы коррупциялашкан органга кошуп койгону туура эмес. “Унаа” жаңы ачылганда бир аз паракорчулук жок болчу. Сөзүмдүн башында айткандай, ал жакта жөнөкөй кызматкерлер иштейт, коррупциядан бир аз коркот. Күч органдары коррупциядан коркпой иш кылышат. “Унаа” ишканасындагы коррупцияны жоюуга аракет кылып, өзүнчө эле калтырса болбойбу?

- Президент жол коопсуздугун камсыз кылуу жарлыгын негизинде “Унааны” ИИМге кошту. Сиз пикириңизде жол кырсыгын кантип азайтса болот?

- Жол кырсыгынын негизги себептеринин бири – коррупция. Биринчиден, айдоочулук күбөлүк сатылат. Экинчиден, жол эрежесин кайталап, одоно бузгандар пара берип кутулат. Эч ким жол эрежесин окубайт. Коррупция менен күрөшүү үчүн катаал чара керек. Мен сырттан көрүп көйгөйлөрүн айтып жүрөм. Жол коопсуздугу системасын анализдеп чыгып, ошого жараша чечим чыгарыш керек. Анан жарандар дагы коррупция менен күрөшсө, бул тармакты жакшыртууга чоң салым кошмок.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG