Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 03:34

Айдоочулук күбөлүктү ИИМ бере турган болду


Иллюстрация сүрөт.

Президенттин жол кырсыктарын болтурбоо максатын көздөгөн жарлыгына ылайык, жол коопсуздугуна таасир этүүчү бир катар функциялар Ички иштер министрлигине (ИИМ) жүктөлдү. Милиция эми "Унаа" мекемесин башкарып, айдоочулук күбөлүктөрдү берүү тартибин карайт жана авто мектептердин лицензиясын тескейт.

Президент Садыр Жапаров "Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыкка 8-декабрда кол койду. Аталган жарлык жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатып, жабыркагандардын санын, жол кырсыктарынын кесепеттерин азайтууга багытталган.

Мамлекет башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев жарлык тууралуу буларды билдирди.

Эрбол Султанбаев.
Эрбол Султанбаев.

"Президент кол койгон жарлыкка ылайык, Ички иштер министрлиги жол коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү жооптуу мамлекеттик орган болуп аныкталып, анын карамагына бир катар мекемелер өткөрүп берилди. Алар:

  • Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Унаа” мамлекеттик мекемесинин тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары.
  • Транспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулар курамын каттоо, транспорт каражаттарын башкаруу укугуна квалификациялык экзамендерди өткөрүү жана кабыл алуу, айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү функциялары.
  • Жарандарды транспорт каражаттарын башкаруунун теориялык жана практикалык көндүмдөрүнө, Жол кыймылынын эрежелерине окутуу процессин жакшыртуу максатында автомектептердин ишин лицензиялоо функциясы.
  • Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Автомобил, суу транспорту жана салмак-габаритти көзөмөлдөө департаментинен жүргүнчүлөрдү ташууну көзөмөлдөө.
  • Жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча ишти тартипке келтирүү максатында: Ички иштер министрлигине лицензиялоо функциясын өткөрүп берүү менен жеңил автомобил транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну лицензиялоону киргизсин; жүргүнчүлөрдү ташуу чөйрөсүндөгү ишти лицензиялоо боюнча функциялары”.

Жоодой чапкан жол кырсыктары

Өткөн айда Оштун Кара-Суу районунда үч автоунаа кагышып, сегиз адамдын өмүрү кыйылды. Андан мурдарак Таластагы бир күндө болгон автокырсыкта тогуз киши набыт болгон. Бул жакынкы күндөрдө эле болгон окуялардын курмандыктары. Жалпысынан жыл башынан бери 600дөй киши жолдогу кырсыктарда каза болсо, алардын 80ден ашыгы балдар.

Кыргызстанда соңку жылдарда үрөй учурган автокырсыктар көп болуп жатат. Маалыматка ылайык, жол апаатынан күнүнө кеминде үч киши каза болууда. Алардын арасында балдар да бар.

Расмий маалыматка ылайык, 2020-жылы Кыргызстанда 6126 жол кырсыгы катталып, 754 адам каза болгон (анын 93ү балдар). 2019-жылы 6663 жол кырсыгы катталып, 760 адам (91и балдар) көз жумган. Быйыл жыл башынан бери жол кырсыктардан 8 миңдей киши ар кандай жараат алган. Алардын 1,5 миңи балдар.

Ал эми президенттин расмий сайтындагы маалыматта 2010-жылдан тартып республиканын аймагында 74 миңге жакын жолдогу кырсыктар катталып, андан 11 миңден ашуун киши каза болгону белгиленген.

Ал эми 109,5 миң адам ар түрдүү жараат алган. Ушул аралыкта 16 миңден ашуун кырсык балдардын катышуусу менен болгон. Бул жалпы кырсыктардын 22,1% түзөт. Андан 1 306 бала каза болгон.

“Жол коопсуздугу” коомдук бирикмесинин төрайымы Чынара Касмамбетова буларга токтолду.

“Биз мамлекеттик кызматкерлер жана жарандык коомдук өкүлдөрү менен “Жол кырсыктарынын курмандыктарына ким жооп берет?” деген тегерек үстөл өткөрдүк. Жыйынтыгында бир да мамлекеттик орган жоопкерчиликти албайт экен. Маселен, ИИМге караштуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы “биз автокырсык болгондон кийин гана кийлигише алабыз” дешет. Эми мындан кийин жол кырсыгы болсо ИИМ толугу менен жооп берет”.

Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы ар бир жумада өлкө аймагында жүргүзгөн рейддин жыйынтыгын чыгарып, жолдогу эреже бузуулар боюнча маалымат берип турат. Ага ылайык өлкө боюнча жума сайын 200дөн 300гө чейин айдоочу мас абалында рулга отурганы, 1500дей айдоочу ылдамдыкты көбөйткөнү айтылат.

Айдоочулар коомунун төрөгасынын орун басары Дүйшөн Токтакунов президенттин жарлыгы жол кырсыктарын алдын алат деген ишенимде.

Дүйшөн Токтакунов
Дүйшөн Токтакунов

“Айдоочулук күбөлүктү берүү жана транспорт каражаттарынын техникалык абалы жол кырсыгына түздөн түз байланыштуу. Милиция жол эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөп жаткандан кийин айдоочулук күбөлүктүн кандай берилип жатканынан да кабардар болуп, жоопкерчиликти алышы керек. Мына ушул факторлор комплекстүү каралып, анан президенттин жарлыгы чыкты деп ойлойм”.

Чырдан арылбаган “Унаа” мекемеси

Адистер адам өмүрү кыйылган жол кырсыктары көбөйүп жатышынын себебин айдоочулардын жол эрежесине болгон кайдыгер мамилесине байлашат.

Кыргызстанда жыл сайын миңдеген кишиге айдоочунун күбөлүгү берилет. Бирок алардын айдоочулук чеберчилиги төмөн бойдон калып жатканы байма-бай айтылып келет.

Айдоочулук күбөлүктү 2018-жылдан тартып “Унаа” мамлекеттик ишканасы бере баштаган. Бул мекемени өкмөт Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаменти менен Маалыматтык кызматтардын адистештирилген борборун жоюп, анын базасында жаңы түзгөн.

"Унаа" – айдоочулук күбөлүк бергенден тышкары автоунааларды каттоого да жооптуу.

Ошол кездеги өкмөт бул тармактагы коррупцияга байланыштуу коомчулуктун нааразылыгы эске алынып, бюрократияны жана узун кезектерди жоюу максатында аталган ишкана түзүлгөнүн билдирген жайы бар.

Бирок үмүт актала элек. Буга “Унаанын” кызматкерлери коррупциялык схемаларга айыпталып, чуудан арыла албай жатканы себеп.

Укук коргоо органдары 2018-2019-жылдар аралыгында "Унаа" мекемесинин кызматкерлерине жүздөй кылмыш ишин козгогон. Анын ичинде бул мекеменин жетекчилеринин да коррупцияга аралашкан учурлары бар.

Экс-депутат Бактыбек Калмаматов коррупциялык схемалар тамырлашып кеткенин белгиледи.

Бактыбек Калмаматов
Бактыбек Калмаматов

“Унаа” мекемесин ИИМге өткөрүп берип койгонун түшүнө албай турам. Милиция айдоочулук күбөлүктү өзү берип, кайра өзү текшереби? Коррупция кайра күчөп кетпейби. Эки мекемени кошуп койгондон жол кырсыктары азайып кетпейт. Айдоочунун жоопкерчилиги андан көз каранды эмес. Бул айдоочулук күбөлүктү берүүдөгү коррупциялык схеманын кесепети болуп жатат. ИИМ буга чейин эле бул ишти аткарып келген. Ошол кезде эмне автокырсыктар болгон эмеспи? ИИМ көп жылдан бери жарандарга паспорт жана айдоочулук күбөлүктү берүүнү Мамлекеттик каттоо кызматынан өз карамагына өткөрүп алууга аракет кылып жүрөт. Анткени бул жакта чоң коррупциялык схема бар. Бул бүгүн эле башталган иш эмес. Бирок маалымат базасы түзүлүп, иши жөнгө салынган мекемени кайра ИИМге өткөрөбүз деген туура эмес. Бул бир мекеменин ичиндеги коррупциялык схеманы экинчи мекеме тартып алуу эле. Башка эч нерсе жок”.

Саясат талдоочу Артур Медетбеков эки мекемени бириктирүү ишине мындайча оюн айтты.

Артур Медетбеков
Артур Медетбеков

“Унаа” мекемесинде бир нече коррупциялык иштер болгон. Буга бир нече мисалдар бар. Ага чейин бул мекеменин функциясын аткарган ИИМде деле коррупция болуп келген. Эми бул эки мекемени кошкондон кийин паракорчулук тыйылат деп эч ким кепилдик бере албайт. Туура кадрларды ишке алып, комплекстүү иштер жүрүшү керек. “Унааны” ИИМге каратып койгондон жол кырсысы азайып кетет деп айтыш кыйын. Бул таза кадр, жетиштүү техника жана кызматкерлердин маянасынан көз каранды”.

Жол кырсыктарын азайтуу боюнча өкмөт буга чейин бир катар реформаларды жүргүздү. Натыйжада ИИМдин жол кыймылын көзөмөлдөө тармагынын аты, түзүмү бир нече жолу өзгөрдү. Бирок мындай аракеттер азырынча жемишин бере элек.

Жол кырсыктарын азайтуу максатын көздөгөн өкмөттүн дагы бир аракети “Коопсуз шаар” долбоору. Анын биринчи этабы 2019-жылы башталып, Бишкек шаарынын көчөлөрүнө көзөмөл камералар орнотулган. Бул долбоордун алкагында чоң трассаларга да көчмө камералар коюлган. Алар жогорку ылдамдыкта бараткан автоунааларды сүрөткө тартып, айыпка жыгып турат.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) сайтындагы маалыматка ылайык, жыл сайын дүйнө жүзүндө жол кырсыктарында 1,35 миллион адам каза табат. БУУнун маалыматы боюнча, жол кырсыктары дегеле жалпы калк арасында өлүмдүн себептеринин арасында 8-орунда, бир жаштан 29 жашка чейинкилер арасындагылардын өлүмүнүн себептеринин ичинен 1-орунда турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG