Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:04

Таласта жол кырсыгына кабылган "Тез жардамдын" эки кызматкери каза болду


Бакай-Ата районунда медициналык "Тез жардам" кызматынын унаасы жол кырсыгына кабылып, 64 жаштагы айдоочу менен 55 жаштагы медайым каза тапкан.

Облустук ички иштер башкармалыгынан “Азаттык” радиосуна маалымдашкандай, окуя 27-октябрда таңга маал болгон. "Тез жардам" Кызыл-Сай айылына чакырууга баратканда жол кырсыгына кабылган.

Ички иштер министрлигинин алдындагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына ылайык жыл башынан бери Кыргызстанда 5437 жол кырсыгы катталды. Бул былтыркыдан 29,2% көп. Жол кырсыгынан набыт болгондордун саны да былтыркыдан 15% көп. Былтыркы тогуз айда 509 адам көз жумса, быйыл 587ге жетти. Жараат алгандар 31% көбөйгөн. Тогуз ай ичинде автокырсыктан 8298 адам жабыркаган.

15-октябрда Бишкек-Талас-Тараз жолундагы Кара-Ой тилкесинде "Хонда-Степвагон" машинасы "Дав" жүк ташуучу унаасы менен кагышкан. Натыйжада жеңил машинадагы айдоочу баш болуп сегиз адам мүрт кеткен. Арасында 12 жаштагы бала болгон.(JsA\MkT)

XS
SM
MD
LG