Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:26

"Коопсуз шаардын" көчмө камераларынын дареги жарыяланды


Бишкекте жол боюна коюлган үч буттуу көчмө аппарат.
Бишкекте жол боюна коюлган үч буттуу көчмө аппарат.

"Коопсуз шаар" долбоорунун Бишкек жана Чүй аймагында жайгаштырылуучу үч буттуу көчмө аппараттарынын даректери Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгын сайтында жарыяланды.

Сайттагы маалыматка ылайык, эки айда бир жолу алмаштырылып турган жыйырма көчмө камера саат таңкы жетиден кечки онго чейин турат. Камералар кырсык тобокелчиликтери жогору болгон жолдорго коюлат. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматында, кырсыктардын негизги себеби жогорку ылдамдык болууда. Үч буттуу көчмө аппараттар машиненин ылдамдыгын ченеп, эреже бузгандарды автоматтык түрдө каттоого алат.

Буга чейин парламент депутаттары “Коопсуз шаардын” камералары кайсы жерлерге орнотулганы боюнча маалымат Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын сайтына жайгаштырылышы керектигин айтып чыгышкан. Cанариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев “2GIS” жана “Yandex карта” мобилдик тиркемелерине “Коопсуз шаар” долбоорунун үч буттуу көчмө аппараттары кайсы жерде турганын эскертип турган функция киргизилерин билдирген болчу.

“Коопсуз шаар” долбоору Бишкекте 2019-жылы ишке кирип, көчөлөргө жол эрежесин бузган автоунааларды каттаган видеокамералар орнотулган. Долбоордун биринчи баскычын орусиялык “Вега” концерни ишке ашырды.

Камералардын көбү устундарга илинген. Алардан тышкары үч буттуу атайын жабдыктын үстүнө орнотулуучу көчмө камералар да бар. Акыркы күндөрү айрым жарандык активисттер мындай көчмө аппараттар жол боюна мыйзамсыз орнотулганын айтып, аларды алдырган окуялар болду. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG