Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2022 жекшемби, Бишкек убактысы 15:20

Кыргызстанда коронавируска каршы 2 миллиондон ашуун адам эмделди


Коронавируска каршы вакцина. Иллюстрациялык сүрөт.

25-декабрга карата өлкөдө 2 млн. 208 903 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Алардын ичинен 1 млн. 211 407 адам вакцинанын 1-дозасын алса, 997 496 адам эки дозасын тең алышты .

Өткөн бир сутка ичинде эмдөөдөн 9540 адам өттү, анын ичинен 4971 биринчи дозаны, 4569 адам экинчи дозаны алган.

Бул тууралуу Коронавируска каршы ыкчам штаб маалымдады.

Өлкөдө COVID-19га каршы алты түрдүү вакцина акысыз сайылууда.

Вирустун жаңы түрүнө байланыштуу 1-декабрдан тарта Кыргызстанга чек арадан кирген ар бир адамдан оору жоктугун тастыктаган милдеттүү ПЧР-тест талап кылынат. Чет элдиктер да, кыргызстандыктар да вакцина алганына карабай, тесттен өтүүгө тийиш. "Омикрон"-штаммы катталган өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанга киргизилбейт. Өлкө аймагында вирустун жаңы түрү катталган эмес.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG