Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:30

Кара-Кечеден көмүр сатуу убактылуу токтотулат


Кара-Кече көмүр кени. Ноябрь, 2021-жыл.
Кара-Кече көмүр кени. Ноябрь, 2021-жыл.

27-декабрдан 10-январга чейин Кара-Кече көмүр кенинен көмүр сатуу убактылуу токтотулат. Бул аралыкта кенде тазалоо иштери жана көмүрдүн жаңы катмарын ачуу иштери жүргүзүлө турганын "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы маалымдады.

Маалыматка ылайык, Бишкек ЖЭБине көмүр ташуу үзгүлтүксүз улантылат.

Быйыл сентябрь айынан татып Кара-Кече көмүр кенинен 0,5 млн. тонна көмүр казылып алынган.

Кара-Кече кенинде тазалоо иштери жүрүп жатканына байланыштуу көмүр казуу 15-20-декабрь күндөрү да токтогон болчу.

Кыргызстанда суук түшөрү менен энергетикалык каатчылык сезиле баштады. Өлкөдө электр энергиясы чоң таңкыстыкка учурап, күйүүчү-майлоочу майлардын баасы кескин көтөрүлдү. Ортомчулар менен талаш-тартыштан улам Кара-Кече кенинен көмүр алып келүүдө кыйынчылык жаралган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG