Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:50

Жапаров салыкты жашырууну мамлекеттик чыккынчылыкка салыштырды


Cool-Bros фабрикасы. Бишкек. 22-сентябрь, 2021-жыл.
Cool-Bros фабрикасы. Бишкек. 22-сентябрь, 2021-жыл.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров салыкты жашыруу күч алганын билдирди. Ал 25-декабрда өкмөттүн жылдык ишинин жыйынтыгына арналган иш-чарада товар өндүрүү көбөйгөнү менен, салыктар бир нече эсеге азайып кеткенин айтты:

"Биз, өкмөт салыктын өлчөмүн көбөйткөн жокпуз. Кошумча салык да киргизген жокпуз. Жылдан жылга алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү абдан кыскарып баратат. Бирок ошол эле учурда сатуу же керектөө азайган жок. Суроо-талап да өзгөргөн жок. Бирок ошого жараша салыктар да туура төлөнгөн жок. 2012-жылы мен финансы министри болуп турганда ичимдикке жылына 1,6 млн. ашуун декалитрге акциз чогултулчу. Быйыл планга 328 миң декалитр коюлуптур. Алты эсе азайып кетти. Ичимдик ичкендер көбөйдү, ал эми салык алты эсеге азайды. Алардын "крышаларын" жойгондон кийин, азыр эми кийинки жылга 1,6 млн. декалитрдин салыгын төлөп беребиз деп атышат. Бул бюджетке түшпөгөн акча кимдир бирөөлөрдүн чөнтөгүнө түшүп жатат".

Акылбек Жапаров быйылкы жылы салык 40% көп чогулганын белгилеп, буга фискалдык саясат иштеп жатканы себеп деп белгиледи.

Президент Садыр Жапаров да бул жыйында салык төлөөдөн качуу оор кылмышка тете экенин билдирген.

Министрлер кабинети экономиканы көмүскөдөн чыгаруу үчүн жаңы Салык кодексин сунуштаган. Ага ылайык ишкерлер үчүн милдеттүү патенттен жана салык келишимдери жоюлуп, көзөмөл касса машиналары орнотулат.

Буга ишкерлер каршылыгын билдирип, пандемиядан кийинки кризис учурунда мындай системаны киргизбей, мөөнөтүн жылдырууну талап кылышууда. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG