Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:43

Талибдер аялдарга эркектин коштоосуз жолго чыгууга тыюу салды


Кабулда паранжа кийген аялдар таксиге отуруп жатат, 8-октябрь 1996-жыл.
Кабулда паранжа кийген аялдар таксиге отуруп жатат, 8-октябрь 1996-жыл.

"Талибан" кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) түзгөн ооган өкмөтү такси айдоочуларына эркектердин коштоосу жок узак сапарга чыгам деген аялдарды автоунаага отургузууга тыюу салды. Жаңы сунуштамага ылайык, хижаб тагынбаган аялдар да транспорттун бардык түрлөрүнө отура алышпайт.

Талиб өкмөтүнүн Ыйманды алга сүрөө жана адеп-ахлаксыздыктын алдын алуу боюнча министрлиги дал ушундай сунуштама чыгарганын 26-декабрда мекеменин басма сөз катчысы Мухаммад Садик Акиф ырастады.

Кабулдук атын атагысы келбеген айдоочулардын бири талибдер айдоочуларга автоунаада музыканын добушун катуу чыгарууга болбой турганын да эскертишкенин "Азаттыктын" ооган кызматына айтып берди.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Human Rights Watch укук коргоо уюмунун аялдардын укугу боюнча бөлүмүнүн башчысынын орун басары Хизер Барр талибдердин жаңы сунуштамасын айыптап, мындай чектөө "аялдарды туткунга айлантып коерун" эскертти.

"Талибан" кыймылы быйыл август айынын ортосунда Ооганстанда бийликти басып алгандан кийин өлкөдө адам укуктары сакталат деп ишендирген. Байкоочулар өлкөдө акыркы бир нече айда көпчүлүк аялдарга иштөөгө тыюу салынганын, алардын билим алуу укугу чектелгенин билдирип келишет.

Өткөн айда Ыйманды алга сүрөө жана адеп-ахлаксыздыктын алдын алуу боюнча министрлиги телеканалдарга аялдар роль аткарган драма фильмдерин көрсөтпөө буйругун берген. Бул министрлик талибдер 1996-2001-жылдары бийликте турганда шарияттын талабын аткарбаган адамдарды камакка алууга жана аларды катаал чаралар менен жазалоого жооптуу болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG