Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:41

Орусиядан өрт өчүрүүчү машинелердин биринчи партиясы келди


ӨКМдин өрт өчүрүүчү машинеси. Иллюстрациялык сүрөт.
ӨКМдин өрт өчүрүүчү машинеси. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Орусиядан жаңы өрт өчүрүүчү автоунаалардын биринчи партиясы келди.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, 2022-жылдын февраль айына чейин дагы 58 автоунаа келет. Орусиядагы заводдон чыгарылган атайын техниканы алууга Дүйнөлүк банк көмөктөшкөн.

Быйыл жайында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев эл аралык донорлор аркылуу Кыргызстанга 80ден ашык өрт өчүрүүчү техника, эки тик учак жана кошумча жабдыктар гранттык негизде келерин билдирген.

Мындан тышкары Кытайдан алты мобилдик госпитал, 100гө жакын өрт өчүрүүчү техника бекер берилерин айткан.

Кыргызстанда жыл башынан тартып үч миңдей өрт кырсыгы катталып, 40ка чукул киши каза болгон. Өлкө боюнча 200дөй машине, 2 миңдин тегерегинде өрт өчүрүүчү бар. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG