Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:39

Бишкек ЖЭБинде суу түтүгү жарылып, оңдоо иштери жүрүп жатат


Бишкек ЖЭБи. Архивдик сүрөт.
Бишкек ЖЭБи. Архивдик сүрөт.

Бишкек Жылуулук электр сатанциясында (ЖЭБ) суу түтүгү жарылып, оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева "Азаттык" радиосуна билдирди.

Маалыматка караганда, 25-декабрда саат 22.30 да Бишкек ЖЭБинин жээктеги насостук станциясында суу түтүгү жарылган. Ыкчам аракеттердин жыйынтыгында ал 26-декабрда чектелип, учурда аны жоюу иштери жүрүп жатат.

"Электр жана жылуулук жүктөмү өз нормасында. Бишкек ЖЭБиндеги иштин штаттык режими сутканын ичинде калыбына келтирилет", - деп айтылат маалыматта.

2018-жылдын январь айында ЖЭБде авария болуп, борбор калаа бир нече күн энергиясыз калган. Буга байланыштуу кийин ишкананы оңдоп-түзөө боюнча «Коррупция» беренеси менен иш козголуп, тиешелүү жетекчилер соттолгон.

2020-жылы октябрда ЖЭБде авариялык абал пайда болуп, көп өтпөй калыбына келген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG