Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:41

HRW: Орус бийлиги сөз эркиндигине болгон кысымды күчөттү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Хьюман Райтс Вотч уюму орус бийлиги акыркы жылы "сөз эркиндигин басынтуу аракетин эки эсе күчөттү" деп билдирди.

"Интернетти кескин кысуу өткөн жылы бийликтин көп жылдан берки орусиялыктардын дүйнөлүк желедеги укугун жана эркиндигин тыюу аракетинин жеткен чеги болду",- деп билдирди уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча өкүлү Анастасия Круоп.

Анын сөзүнө караганда, орус өкмөтү "өзүнүн технологиялык мүмкүнчүлүгүн Орусиядагы санарип укукту мыйзамсыз, жабык жана сотсуз түрдө чектөөгө" аракеттенүүдө.

Укук коргоо уюму декабрдын башында Tor браузеринин чектөөгө алынышын мисал келтирди. Июндан бери Орусия виртуалдык жеке жыштык (VPN) сатуучу сегиз провайдерди бөгөттөдү. Буга өлкө аймагында тыюу салынган сайттарды ачууга мүмкүнчүлүк берген деген себеп айтылган.

24-декабрда Москванын соту Орусияда тыюу салынган маалыматтарды өчүрбөгөнү үчүн Meta, мурдагы Facebook компаниясын 1,9 млрд. рубль доого жыкты. Ошол эле күнү аталган сот Google компаниясына Орусияда тыюу салынган маалыматты өчүрбөгөнү үчүн болжол менен 7,2 миллиард рубль (98 миллион АКШ доллары) айып пул салган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG