Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:34

Казакстан Ооганстанга ун экспорттоону улантат


Казакстандын соода жана интеграция министри Бахыт Султанов (ортодо) менен талиб өкмөтүнүн соода министринин милдетин аткаруучу Нуриддин Азизи. Кабул, 25-декабрь, 2021-жыл.
Казакстандын соода жана интеграция министри Бахыт Султанов (ортодо) менен талиб өкмөтүнүн соода министринин милдетин аткаруучу Нуриддин Азизи. Кабул, 25-декабрь, 2021-жыл.

25-декабрда Казакстандын соода жана интеграция министри Бахыт Султанов жетектеген делегация Кабулда "Талибан" кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) түзгөн ооган өкмөтүнүн өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Казак тараптын расмий маалыматына ылайык, бул жолугушууда министр Султанов Казакстан Ооганстан менен соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө кызыкдар экенин айтты.

Ошондой эле казак делегациясы ооган жергесине ун жана дан азыктарын экспорттоону улантарын жана Ооганстандан жер-жемиштерди сатып алууга даяр экенин билдирди.

Ооганстанга бир жылда керектеген ундун жалпы көлөмүнүн басымдуу бөлүгү Казакстандан келет. Казакстандын өзүндө өндүрүлгөн ундун жарымына чукулу жана дан эгиндеринин 10% ооган рыногуна багытталган.

Казакстандын Соода жана интеграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2021-жылдын январь-октябрь айларында Ооганстан менен соода жүгүртүүнүн көлөмү 345 миллион долларды түзгөн. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 27,5% төмөн.

"Талибан" кыймылы Ооганстанда бийликти басып алгандан бери казак өкмөтүнүн өкүлдөрү талиб жетекчилери менен бир нече жолу жолугушту. Министр Султанов баштаган бул жолку делегация талиб өкмөтүндөгү премьер-министрдин орун басары Абдула Салам Ханафи, тышкы иштер министр Амир Хан Муттаки жана соода министринин милдетин аткаруучу Нуриддин Азизи менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG