Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:45

"Дордой-Моторс" базарынын соодагерлери ККМди колдонууга каршы акцияга чыкты


Акцияга чыккан соодагерлер. 27-декабрь, 2021-жыл
Акцияга чыккан соодагерлер. 27-декабрь, 2021-жыл

“Дордой-Моторс” базарында иштеген соодагерлер көзөмөл кассалык аппарат киргизүүгө каршы акцияга чыкты. Базардын аймагында чогулган 200дөй адам кассалык аппаратты колдонууга шарты жок экенин айтып, өкмөттү бул чечимди кайрадан карап чыгууга чакырууда. Алардын жүйөсүндө, пандемиядан соң соода солгундап, кымбатчылык күчөгөн шартта кассалык аппараттарды киргизүү базарда соода кылгандарды кошумча чыгымга учуратат.

"Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бюджетти көбөйтөм деп убада берип, күчүн элге чыгарып жатат. Кассалык аппаратты киргизүү базардын шартына туура келбейт. Ошондуктан, мурдагыдай эле патенттик системаны узартууну суранабыз",-деди базарда соода кылгандардын бири Осмон Тажыбаев.

Акцияга чыккан соодагерлер менен бийлик өкүлдөрү азырынча жолуга элек.

Кыргызстанда 2022-жылдан тарта жаңы Салык кодекси ишке киргени турат. Анын алкагында, көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу максатында ишкердик субьекттеринде жапырт көзөмөл кассалык аппараттарды киргизүү чечими кабыл алынган. Министрлер кабинети мунун эсебинен бюджетке түшкөн салык, бажы төлөмдөрүн көбөйтүү максатын айтууда.

Буга чейин кассалык аппараттарды киргизүүгө каршы "Дордой", "Таатан" базарларындагы соодагерлер акцияга чыгышкан болчу. Алар менен Экономика министрлигинин өкүлдөрү жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.(BkA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG