Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:59

COVID-19: эки бейтап каза тапты


Коронавируска каршы ыкчам штаб билдиргендей, соңку бир суткада илдеттен эки киши каза тапты. Пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери вирустан каза тапкандар саны Кыргызстанда 2797 адамга жетти.

Соңку суткада 29 адам вирус жуктурганы лабораториялык жактан тастыкталды. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында.

  • Бишкек шаары - 17
  • Чүй облусу – 4
  • Ысык-Көл облусу – 6
  • Жалал-Абад облусу – 2

Кыргызстанда коронавирус жуктуругандардын жалпы саны 184 506 адамга жетти. Азыркы тапта ооруканада 292 адам, 313 бейтап үйдө дарыланууда.

Өткөн бир сутка ичинде 844 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Коронавируска каршы ыкчам штаб маалымдады. Өлкөдө COVID-19га каршы алты түрдүү вакцина акысыз сайылууда.

Учурда дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө "Омикрон" штаммы коронавирустун жайылып жаткан негизги вариантына айланды.

Вирустун жаңы түрүнө байланыштуу 1-декабрдан тарта Кыргызстанга чек арадан кирген ар бир адамдан коронавирус жоктугун тастыктаган милдеттүү ПЧР-тест талап кылынат. Чет элдиктер да, кыргызстандыктар да вакцина алганына карабай, тесттен өтүүгө тийиш. "Омикрон" штаммы катталган өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанга киргизилбейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG