Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:16

Мусулмандарды өлтүрүү үчүн босниялык тогуз сербге айып тагылды


Согуш маалында өлтүрүлгөн мусулмандардын көрүстөнү. Босния.
Согуш маалында өлтүрүлгөн мусулмандардын көрүстөнү. Босния.

Босния-Герцеговинанын прокуратурасы 1992-жылкы согуштун башында 100 чакты мусулманды өлтүрүү үчүн босниялык тогуз сербге айып такканын билдирди. 29-декабрдагы билдирүүдө айтылгандай, босниялык сербдердин уруш маалындагы армиясынын тогуз кол башчысы Невесинье айылында ондогон аялдарды, кары-картаңдарды, 2-15 жаштагы балдарды өлтүрүүгө аралашкан деп шектелүүдө.

“49 кишинин сөөктөрү табылды, калган 47 кишинин сөөктөрүн издөө уланууда”, - деп билдирген прокуратура айыпталып жаткандар 16-декабрда кармалганын кошумчалады. Маалыматка караганда, сербдер үстөмдүк кылган айылда бүтүндөй үй-бүлөлөр кырылган учурлар болгон.

Босния-Герцеговинанын Тергөө агенттиги жакында согуш кылмыштарына шектелген бир нече адамды кармаган.

Босния көз карандысыздыгы үчүн тутанган 1992-1995-жылдардагы согуш 100 миңден ашуун кишинин өмүрүн алган. 2 миллиондон ашуун киши жер которууга аргасыз болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG