Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:05

Байден менен Путин телефон аркылуу сүйлөшөт


Жаңы жылдык майрамдардан кийин эки өлкөнүн делегацияларынын ортосунда коопсуздук кепилдиктери боюнча толук кандуу сүйлөшүүлөр пландалганына карабастан, АКШнын президенти Жо Байден бейшемби күнү Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшөт. Бул тууралуу CNN телеканалы АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Эмили Хорнго таянып кабарлады.

Телефон сүйлөшүүсүн Орусиянын президенти сунуш кылган. Эмили Хорндун айтымында, Байден сүйлөшүүгө макул болду.

"Анткени ал маселе Орусияга келгенде лидерлер ортосундагы түз диалогду эч нерсе алмаштыра албайт деп эсептейт", - деген Хорн.

Ошол эле учурда Коопсуздук кеңешинини өкүлү "Байдендин администрациясы Орусиянын Украина менен чек арасындагы кырдаал боюнча европалык өнөктөштөр менен активдүү кеңешүүнү улантып жатканын" баса белгиледи.

Москва 17-декабрда коопсуздук кепилдиктерине тиешелүү эки долбоорду сунуштап, НАТОдон чыгышка карай кеңейүүдөн баш тартууну талап кылган.

Батыш орус бийлиги чек арага аскерлерин топтоп, украин аймагына кайрадан басып кирүүгө даярданууда деп шектенүүдө. Мындан улам ортодогу мамиле чыңалып кеткен.

Москва айыптоолорду четке кагып, Киев "Батыштын көмөгү менен аскердик кубатын арттырууда", НАТОну "орус чек арасына жакын жерде машыгуу өткөрүүдө" деп сындап жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG