Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 20:29

"Парламентсиз президент жумушун аткара албайт"


Зайнидин Курманов, Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын төрагасы, профессор

29-декабрда ишин баштаган Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын укук- милдеттери, өзгөчөлүктөрү жана эске алчу сабактар тууралуу "Азаттыктын" суроолоруна Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын төрагасы Зайнидин Курманов жооп берди.

- Жаңы Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңештин VII чакырылышына жаңы система менен 90 депутат шайланып келип, ишке киришти. Бул мыйзам чыгаруучу бийлик бутагынынын алдында кандай милдеттер турат?

- Конституциянын негизинде парламенттин мыйзам чыгаруу, көзөмөлдөө, өкүлчүлүк милдеттери бар. Бул милдеттер жаңы Конституцияда деле сакталып калды. Кандай бийлик болбосун мыйзамды парламенттен башка эч ким чыгара албайт. Ошондуктан, парламентсиз президент жумушун аткара албайт. Алдыдагы максатына жетиш үчүн президентке парламенттин колдоосу керек.

- Ошол эле учурда парламенттин укуктары кыскарды, ал парламенттин көз карандысыз иштешине тескери таасир этет деп айтылып жатпайбы?

- Жок, эч кандай таасир тийгизбейт. Бардык президенттик мамлекеттерде парламент өсүп-өнүгүп жатат. Америка Кошмо Штаттарын карасак, ал жерде президент көп маселени парламентсиз чече албайт.

- Азыркы парламент өткөндөн кандай сабак алыш керек? Алыс кетпей эле VI чакырылышты мисалга тартсак, анын кандай каталарын кайталабашы зарыл?

- Парламентте ар башка ойлор болушу керек. Анткени коомчулук бир кылка эмес, ар кандай күчтөр, кызыкчылыктар бар. Элди ойлогон парламент элдин кызыкчылыгын көтөрөт. Азыркы учурда менин пикиримде, жаңы парламенттин сапаттуу болушуна мүмкүнчүлүк берилди. Шайлоодо эл өз билген талапкерлерин тандады. Мурун көп депутаттар, коррупция, манипуляция аркылуу өтчү да. Азыр шарт жакшырды. Кудай буюрса, эмкиде Кыргызстан үчүн, анын өнүгүшү үчүн чоң жол ачылат.

- Сиз сапат жөнүндө айтып калбадыңызбы. Буга чейин мурунку парламент бир топ сынга кабылып келди. Азыркы парламенттин, депутаттардын деңгээлине кандай баа берип жатасыз? Сапаттык деңгээли сизди канааттандырып жатабы? Мамлекеттик маанилүү маселелерди чечүүдө кудурети канчалык?

- Мурунку парламентти көзөмөлдөйбүз деп бийлик аракет жасаган, туугандарын, досторун, “түндүктөн түшкөн”, бийликке каршы сүйлөбөгөн адамдарды өткөргөн. Ошонун жемишин көрүп жатпайбызбы. Парламент күчсүз орган болуп калган. Жогору жактан кандай буйрук түшсө, ошону аткарчу. Бул жерде аткаруу бийлигинин да катачылыгы бар. Прокуратура баштаган органдар байлардын чөнтөгүнө иштей баштаган. Эл аны жакшы билет. Ошон үчүн парламент ошондой маселелерди элдин кызыкчылыгында көтөрүш керек. Ошондой иштебесе болбойт. Анткени бийликтин өз кызыкчылыктары бар.

- Кыргызстан президенттердин катачылыктарынан далай "күйдү". Азыркы парламенттин президенттин катасын, туура эмес аракеттерин бетине айтып, каршы туруп, башкача чечим кабыл алууга мажбур кылуу мүмкүнчүлүгү болобу?

- Парламентке Уинстон Черчиллге окшогон лидер инсан керек. Медер Алиев, Чынгыз Айдарбеков, Эрулан Кокулов өңдүү балдар пайда болду. Алардын жолун тосуп койбосо эле чоң саясатчыга, лидерге өсүп чыгышы мүмкүн. Биздин парламент иштеп кетиш үчүн билимдүү, кадыр-барктуу, жоопкерчиликтүү он чакты адам болушу шарт. Ошондой адамдар болсо, парламент мамлекеттин өнүгүшүнө жакшы салымын кошот. Мурунку парламентте ошондой инсандар жок болду. Албетте, Текебаев жана башкалар болду. Бирок, алардын добушу угулган жок. Анткени, биз диктатура мезгилинде жашап калбадыкпы. КСДП, Атамбаев кошоматчылардын күчү менен демократиялык мамлекеттен диктатуралык мамлекет жасап койбодубу. Мындан кетиш керек.

Эгерде Садыр Жапаров демократиялык мамлекет түзөм десе, анда парламентке таянышы керек. Парламентте татыктуу, билимдүү, эстүү адамдар болушу шарт. Бирок, буга дароо жетиш мүмкүн эмес. Себеби, элдин аң-сезими али ойгонбой жатат, тууганчылык, регионалдык, саясий, идеологиялык жактан сезимтал болуп жатат. Бул шайлоодо кимди шайлап атканынан эле көрүнүп атпайбы. Ошон үчүн ар бир парламенттин 30 пайызы кайра келип жатат.

-Эми жаңы парламенттин өлкөнү алдыга сүрөгөнгө мүмкүнчүлүгү бар деп үмүт артса болобу?

-Албетте. Ар бир президенттик, парламенттик шайлоо мамлекеттин алдында мүмкүнчүлүк түзөт. Ошол мүмкүнчүлүктү элдин кызыкчылыгына пайдалануу зарыл.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG