Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:51

Сатпаев: Элбашыга сыйынгандар эми Токаевге жармашты


Нурсултан Назарбаев казак мажилисинде. 20-март, 2019-жыл.

Саясат таануучу Досым Сатпаев Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин айланасындагы саясатчылар жана ишкерлер "бийликтин жарым-жартылай транзитинен" улам президент Касым-Жомарт Токаевдин тарабына өткөнүн айтты. Казакстандык эксперт менен маекти "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы Аян Калмурат уюштурган.

- Президент Токаев парламентте сүйлөгөндө Казакстанга каршы кандайдыр бир күчтөр баштаган "террордук согуш" тууралуу дагы айтты. Мамлекет башчынын сөзүнө караганда, "душман кара өзгөйлүгүн жана ар кандай кадамга барууга даярдыгын көрсөттү". Бирок ал кайсы "душман" экенин тактаган жок.

- Президенттин парламенттеги сөзүнөн көптөр так маалыматты, кимдир бирөөлөрдүн фамилиясы, ысымы аталарын күткөн. Азыр кимдир бирөөлөр менен көмүскөдө сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандай, балким шек саналып жаткандар менен сүйлөшүүгө аракет кылып жатышат. Көп нерсе толук айтылбай жатат. Олигархтар, каржылык топтор тууралуу кеп болду. Билгендерге ким тууралуу сөз болуп жатканы жетти. Башка жагынан алганда эч кимдин ысымы да аталган жок.

- Токаев бир эле жолу Элбасы - туңгуч президенттин арты менен "өлкөдө кирешеси чоң компаниялар жана эл аралык деңгээлдеги ашынган байлардын катмары" пайда болгонун билдирди. Бул эмнени каңкуулайт?

Досым Сатпаев.
Досым Сатпаев.

- Азыр Токаев Путиндин жолу аркылуу кетүүгө аракет кылып жатат. Ельцин ага бийликти өткөрүп бергенде Путин эмне кылды эле? Ал Ельциндин жанындагы олигархтардын жарымын өзүнө тартып, ал эми сүйлөшүүлөргө көнбөгөндөрүнө сокку ура баштаган. Андан кийин олигархтардын жарымы түрмөгө камалды, башкалары качып кетти, ал эми кээ бирлери Путиндин жанында калып, анын командасынын бөлүгүнө айланды. Менимче, Казакстанда деле ушундай кырдаал болот.

Кайсы бир кезде Назарбаевдин айланасында жүргөн саясий жана бизнес-элитанын теңи Токаевдин командасына кошулат. Орой айтканда, "орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт" дегендей эле, эгер Токаевди кайсы бир кезде туңгуч президенттин айланасында жүргөндөр курчаса, анда саясий майданда эч кандай деле олуттуу өзгөрүүлөр болбойт.

Экономикада балким өнүгүү болушу мүмкүн, бирок саясий айдыңда кандайдыр бир статус-кво калат. Менимче, эгер Токаев 30 жылдан бери түзүлүп келаткан системада олуттуу өзгөрүүлөрдү чындыгында көрсөткүсү келсе, ал бул багытта аракетин күчөтүшү керек.

- Токаев экс-президенттин кичүү кызы Алия Назарбаевага байланышы бар "Оператор РОП" компаниясынын ишин токтотууну тапшырды. Ошондой эле ал көптөр "Назарбаевдин үй-бүлөсүнүн көзөмөлүндө" деп эсептеген бажы тармагындагы башаламандыкты жоюуну тапшырды. Тоо-кен жана мунай тармактарын да сөз кылды.

- Мына ушунун баары биринчи президентке байланышы бар бизнес-түзүмдөр. Капиталдын өлкөдөн чыгарылышын ооздуктоо тууралуу билдирүү дагы ушул эле адамдарга тиешелүү. Мен түшүнгөндөй, соңку окуялар башталгандан кийин өзгөчө Карим Масимовдун (Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы) камалышынан кийин капиталды чыгаруу тездеди.

- Токаев айткан эсепсиз байыгандарды эми эмне күтөт? Анткени президент эми алар "тапканы менен бөлүшүүсү керек" деп айтпадыбы. Улутташтыруу болобу же элиталар ортосундагы каржылык агымдарды кайра бөлүштүрүү күтүлөбү?

- Улутташтыруу Токаев үчүн пайдалуу эмес. Ал жагымдуу инвестициялык климаттын сакталышына кызыкдар экенин билдирди. Улутташтыруу чет элдик инвесторлорду өтө коркутат. Азыр инвестицияны тартуу боюнча Казакстандын күчтүү атаандашы Өзбекстан турганын эстен чыгарбашы абзел. Эгерде Казакстанда улутташтыруу башталса бул жакка акча салууну көздөгөн инвесторлорду коркутат.

Менимче, бул жерде эки вариант бар: каршылаш катары көргөн олигархтарды катуу кысымга алат, башкалары менен сүйлөшүү жүргүзүшөт. Экинчи вариант, балким көбүрөөк колдонулат. Борбор Азияда буга чейинки жетекчилер менен иштегендердин байлыгын "кустуруу" ыкмасы колдонулган.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ушундай кызыктуу ыкма колдонду. Ал саясий жана бизнес элитанын көп мүчөлөрүн Кумтөрдүн айланасындагы коррупциялык иштерге айыптап, айрымдарын түрмөгө камады. Кийин алар менен кайра макулдашууга барып, алар бюжетке акча "кускандан" кийин коё берди. Олигархтар менен иштешүүнүн ар кандай ыкмалары бар. Айрымдарын атайын элге көрсөтүү үчүн түрмөгө отургузуп коюшу мүмкүн.

Ал эми Токаевге ыктагандарды жана президент айткан фондго өз капиталын которууга макул болгондорду калтырышат. Токаев өзү сөз кылган фонд мамлекеттик эмес, кайсы бир ресурстар менен иштерин билдирбедиби. Менимче, бул фондго олигархиялык топторду күч менен каржы салдырышат. Бул "путиндик вариант" деп эсептейм.

- Өткөн аптада сиз "Азаттыкка" берген маегиңизде Токаевди "жарым президент" деп атадыңыз эле. Эми азыр кандай мүнөздөмө бересиз?

- Азыр "жарым транзит" аяктап баратканы байкалат. Кризистик кырдаал Токаевге буга чейин колуна тийбеген бийликти эми чындап күчөтүүгө мүмкүнчүлүк берди. Өткөн жылы ага "Нур Отан" партиясынын төрагалыгы тийсе, быйыл жыл башында Коопсуздук кеңешин өз колуна алды. Бул "жарым транзит" доору Назарбаев саясий сахнадан кеткенде гана аяктарын буга чейин эле айтып келгенбиз. Азыркы кырдаал Токаевге ички номенклатуранын жана коомдогу өз позициясын бекемдөөгө шарт түздү. Анын бүгүнкү билдирүүсүнүн көп бөлүгү өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө арналды.

- Токаев социалдык саясат тууралуу көп айтты. Ал өкмөткө "калктын кирешесин жогорулатуу программасын иштеп чыгууну", жумушсуздукту азайтууну, инфляцияны ооздуктоону тапшырды. Ал ошондой эле социалдык теңсиздик башаламандыктардын башталышына түрткү болгонун айтты. Бул популизмдей угулган жокпу?

- Албетте. Бул Токаевдин тегерегинде жүргүзүлүп жаткан саясий технологиялык иштин бөлүгү деп ойлойм. Ал мындай билдирүүлөр менен коомчулуктун кайсы бир бөлүгүн өзүнө тарткысы келет. Эгер анын билдирүүсүнө кулак төшөсөк, мурдагы президентке байланышы бар каржылык-өндүрүштүк топтордун ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөгө байланыштуу суроолор бар. Азыр биз мүлк бөлүштүрүүнүн башталышына күбө болуудабыз. Мындай жараян адатта бир адамдын бийлиги азайып, экинчисиники күчөгөндө болот.

Бул Борбор Азиядагы көп эле мамлекеттерге мүнөздүү көрүнүш. Өзбекстанды карасак, мурдагы президент Ислам Каримовду айга-көккө теңегендер азыр Шавкат Мирзиёевдин "этегине намаз окуп" жатышат. Түркмөнстанда президент Сапармурат Ниязов өлгөндөн кийин Гурбангулы Бердымухамедовдун керт башына сыйынуу күч алды. Мындай преценденттерди жана муну болтурбоо үчүн эмне кылыш керек экенин көрүп турабыз. Бир нече жолу бар.

Кандай гана кризис болбосун, ал өзгөрүүлөргө шарт түзөт, бул классика. Эгер бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланбаса, эгер азыр олигархтардан жана натыйжасыз мамлекеттик аппараттан, бийликтин баардык деңгээлинде отурган чагымчылардан тазаланбаса, саясий системаны өзгөртпөсө, жарандык коом менен иштешпесе, биз мамлекетибизди жоготуп алабыз.

Анткени буга чейинки 30 жылды, тилекке каршы жоготуп алдык, азыр кайра башынан баштап жатабыз. Экинчи жолу - болгон күчү менен системанын тулку боюн сактап калып, өтө маанилүү эмес өзгөртүүлөрдү киргизип, мүлк бөлүштүрүүнү аягына чыгарып, олигархтардын бирин экинчисине алмаштыруу. Бирок бул жөн гана бир жерден жылбай туруу болуп калат.

- Азыркы бийлик кардиналдуу өзгөрүүлөргө бара алабы? Дымактуу максаттар коюлганы менен мамлекеттик аппарат ошол эле болуп жатпайбы.

- Мен эч кандай олуттуу саясий демилгерлерди уга алган жокмун. Буга чейинки жасап жаткан иштерин эле кайталады. Реформалардын топтому кана? Мисалы, биз ошол эле парламентти көрүп турабыз. Кечээ эле Назарбаевди мактаган жүздөр отурат. Алар эч уялбай эми Токаевди ай-күнгө теңешет. Туңгуч президентке ырдаган "булбулдар", жасакерлер Токаевдин тегерегине топтолду. Эми алар экинчи президентти мактап-жактап сайрашат. Бул көңүл ооруткан көрүнүш. Тажрыйба көрсөткөндөй, баары падышанын айланасындагылардан көз каранды. Эгер олуттуу кадрдык тазалоо жүрүп, жаңы бийлик өкүлдөрү келбесе саясий реформалар жаатында өзгөрүүлөрдү күтпөй эле койсо болот. Ал эми жаңы жүздөр жаңы социалдык тепкич жана таза, атаандаштык курч шайлоо аркылуу гана пайда болот.

- Токаевди алдыда эмне күтөт жана ал азыр кандай кадамдарга барышы зарыл?

- Ал азыр экспорттун көлөмүн көбөйтүү, жашоонун деңгээлин жакшыртуу деген сыяктуу Назарбаевдин билдирүүлөрүн эле жасап жатат. Эгер ал 30 жылдан бери бардык тармактарда жоготуулар болгонун моюнга расмий албаса, кырдаалдын бир-эки жылда өзгөрүп кетишин күтүүнүн кажети жок. Эгер саясатты бул жакка кое туруп, Токаев терең социалдык реформаларды баштоону чечет деп элестетсек, ага экономикалык системаны өзгөртүү үчүн 10-20 жыл кетет. Ал эми Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвилинин мисалында бул жараяндын баарын тездетсе, 1-1,5 жылда ишке ашырса болот. Бирок бул үчүн бийликте Саакашвилидей киши болуу керек.

Экинчиден, мамлекеттик аппаратты 90% жаңылоо зарыл.

Үчүнчүдөн, жаштардан жемкорлукка батпаган, өлкө үчүн иштөөгө дилгир, технократтардан турган жаңы элитаны түзүү шарт. Бул үчүн саясий эрк керек. Анан Саакашвилиге эч ким бийликти мураскер катары калтырган эмес, ал мамлекет башына революциядан кийин келген. Менимче, азыр биз жоготуп алган муун менен эмне кылуу керек деген олуттуу суроо турат. Тополоңго, талап-тоноого катышкан жаштарды эмне кылуу керек? Бул негизинен калаанын чет-чеберинен келген биздин жарандар. Аларды кайра окутуп чыгуу зарыл. Бул маселени чечпесе, эртең эле дагы бир жерде "жарылат".

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG